Декреттен башталган бизнес: Экожалаяк тигип ийгиликке жеткен ишкер айым

Декреттен башталган бизнес: Экожалаяк тигип ийгиликке жеткен ишкер айым

Тажикстандын Мургаб аймагынан келип, Бишкекте жашап калган декреттеги жаш эне Салима Жапарова эки баланы тарбиялоо менен катар экологиялык жалаяктарды тигип, өз ишкерлигин өнүктүрүп келет. Алгач жөн гана баласына ыңгайлуу, зыянсыз жалаяк тигүү идеясы бүгүн кардарлары бар чакан өндүрүшкө айланды. Кыйынчылыктарга карабай, карыз алып иш баштаган каарманыбыздын ийгиликке карай жолу, мотивациясы жана келечек пландары тууралуу төмөндө окуй аласыз.

– Салима айым, өзүңүздү кыскача тааныштыра кетсеңиз.

– Мен Тажикстандын Мургаб аймагынан болом. Кыргызстанга 2014-жылы жогорку окуу жайына тапшырууүчүн келгем. Туризм багытында жогорку билимим бар. Турмушка чыгып, Бишкекте жашап калдым. Азыр декреттик өргүүдөмүн, эки баланын энесимин. Учурда балдар үчүн экожалаяктарды (экоподгузник) тигип, сатуу менен алектенем.

– Экожалаяк тигүү идеясы сизге кантип келди?

– Балам үч айлык кезинде эле үйгө ар кандай үлгүлөрдү алып келип, тигип иштей баштагам. Үй тиричилиги менен алпурушкандыктан балама эки жашка чейин памперс кийгиздим. Бирок, кийин андан чыгаруу аябай кыйын болду. Ошол учурда интернеттен экожалаякты көрүп калып, пайдаланып көрүүнү чечтим. Экожалаяктар 100% пахтадан тигилгендиктен бала нымдуулукту сезип, алмаштырууну өзү талап кыла баштайт экен. Ошондо бул чындап эле пайдалуу экенине ынандым. 

Кызым төрөлгөндө ага жалаякты өзүм тигип көрдүм. Жолдошум да колдоп, “колуңдан келет, ушул ишти өзүң башта”, деп дем берди. Бул балдар үчүн өндүрүш болгондуктан, кездемелерди, алардын сапатын жакшылап изилдеп, 1-2 ай даярдык көрдүк.

Тиккен жалаяктарды алгач кызыма колдонуп көрдүм. Кандай болгондо суу өткөрбөйт, кандай болсо ыңгайлуу болот деп көп издендим. Кийин кардарлардын сунуштарын эске алып, кнопкалуу, өлчөмү чоңоюп-кичирейе турган түрүн тиге баштадым. Ошентип, акырындап тажрыйба топтоп, баштап калгам. Бул ишти баштаганыма жарым жылдай болуп калды, акырындап өз нугунда өнүгүп келе жатат.

– Ишти баштоодо кандай кыйынчылыктар болду?

– Жаңы баштаганыбызда жакындарымдан эле “муну ким алмак эле?” деп айткандар да болбой койгон жок. Эң негизги кыйынчылык – кездеме табуу болду. Интерлок кездемеси кымбат болгондуктан метрлеп сатылбай, бир ай бою “Мадина”, “Дордой” базарларын түрө кыдырып таппай кыйналдык. Бир рулон кездеме алууга 26-30 миң сом керек эле, декреттеги мен үчүн бул чоң сумма болчу. Жолдошум жакындарыбыздан эле карызга акча алып, 2 рулон кездеме сатып берди. Башында “Эми кандай болор экен?” деп бир аз кооптондум. Бирок жолдошумдун  “Бул иштин келечеги бар, коркпой баштай бер” деген колдоосу чоң стимул болду. Чынында, мага өзүмдөн дагы жолдошум көбүрөөк ишенди. 

– Бул жалаяктар кандай материалдан тигилет?

– Экожалаяктар толугу менен пахтадан тигилип, ичи да, сырты да интерлок кездемесинен жасалат. Ичине кошумча 6 кат жука муслинди колдоном. Бул материалдар сууну жакшы сиңирет, ошол эле учурда аба өткөрүп, балага ыңгайлуу шарт түзөт. Албетте, сегиз катмар материалдан тигилгенине карабай, сиңирүү чеги бар – кээде заара өтүп кетиши мүмкүн. Анын үстүнө экожалаяктар жаңы кезде жакшы сиңирбеши мүмкүн, бирок жууп колдонгон сайын тескерисинче жакшыра берет.

– Экожалаяк кадимки жалаяктан эмнеси менен айырмаланат?

– Биринчиден, бул жалаяк үй-бүлөнүн чыгымын кыйла азайтат. Өзүбүз деле эки балага памперс алып жүргөндө канча каражат кетерин жакшы эле билип калдык.

Экинчиден, кадимки жалаяктардын курамында химиялык кошулмалар көп болгондуктан, узак убакыт колдонгондо баланын териси кызарып же аллергия болушу мүмкүн. Ал эми экожалаяктар табигый кездемеден тигилгендиктен, териге жумшак жана коопсуз. Бирок, аны сутка бою колдонсо болот деп да айтпайм. Мисалы, мен деле түнкүсүн же сыртка чыкканда кадимки памперсти колдонуп калам. Ал эми күндүз баланын денеси“дем алып” турушу үчүн экологиялык жалаякты колдонгон туура болот.

Үчүнчүдөн, бул жалаяктын экологияга пайдасы чоң. Чынын айтсам, заманбап памперс таштандылары азыр бизде абдан көп чыгат. Алар жүздөгөн жылдар бою чирибейт, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирет. Аны толук жок кылуу да оңой эмес. Ал эми экожалаяк табигый кездемеден, пахтадан тигилгендиктен, айлана-чөйрөгө зыяны аз. Мындан тышкары, анын колдонуу мөөнөтү узак. Туура колдонсо 1 жылга чейин пайдаланууга болот.

– Алгачкы кирешеңиз кандай болгон?

– Сатуу ишимди жолдошумдун 2 миң катталуучусу бар Instagram аккаунту аркылуу баштагам. Кошумча жарнама берип, биринчи кардарым 4 даана экожалаякка буюртма берген. Ар бирин 300 сомдон сатып, алгачкы кирешем 1200 сом болгон. Бул мага чоң мотивация берип, ишимди улантууга дем берди. Азыр негизги кардарларым да Instagram аркылуу келет. Баракчамды жакшыртуу үчүн курстарга катышып, үйрөнүп жатам. Жалпысынан социалдык тармактар сатуунун эң ыңгайлуу аянтчасы болуп калды.

– Суроо-талап кандай болуп жатат?

– Кардарлар экожалаякты эң аз дегенде 4-6 даанадан, айрымдары 14-15 даанадан алып кетишет. Суроо-талап жогору. Пахта кездемеден тигилгендиктен баасы бир аз кымбатыраак болгону менен сапатына жараша өзүн актайт. Акыркы убакта жаңы төрөлгөн ымыркайларга барбы деп көп сурашкандыктан, жаңы төрөлгөндөн 4 айлык балдар үчүн кнопкасы бар подгузниктерди да чыгара баштадым. Сатуу да туруктуу. Жакшы болгонкүндөрү 14 миң сомго чейин, орточо 4-5 миң сом, болбой калды дегенде күнүнө 3 миң сомдун айланасында болот.

Экоподгузниктердин эки түрүн тигем, кийме түрү 3 өлчөмдө болуп, баасы 300 сомдон. Ал эми кнопкасы бар түрү 2 өлчөмдө болуп, 280 сомдон сатылат.

– Алдыдагы пландарыңыз кандай?

– Азыркы учурда айымдар үчүн экопрокладкаларды чыгарууну пландап жатам. Сурагандарга тигип берип жүрөм, бирок жалгыз жетишпегендиктен азырынча сатууга толук чыгара элекмин. Анын бардык лекалаларын даярдап койдум. Мындан тышкары, келечекте цех ачып, балдар үчүн 100% пахтадан тигилген экокийимдерди, айрыкча жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн кийимдерди чыгарууну көздөп жатам. Жалпысынан экопродукцияларга басым жасагым келет.

– Иш баштагысы келген айымдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Негизи, максат так болсо, эч нерсе тоскоол боло албайт деп ойлойм. Эң башкысы – өзүңө ишенүү жана аракет кылуу. Мен да декретте отуруп, 45 миң сом насыя алып тигүүчү машина сатып алып баштагам. Ошол чечимим бүгүнкү ишимдин башаты болду. Азыр деле ошол машинаны колдоном. 

Бүгүнкү күндө айымдардын өз кирешеси болгону абдан маанилүү деп эсептейм. Бул – өзүнө болгон ишенимди арттырып, жаңы адамдар менен таанышып, өз чөйрөңдү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кирешеси бар аялдын мүмкүнчүлүгү да, көз карашы да кең болот. Азыр мүмкүнчүлүк көп, ошондуктан коркпой, аракет кылып баштоо керек.
Бир жолу колдонулуучу жалаяктар (памперстер) бүгүнкү күндө экологияга олуттуу коркунуч жараткан калдыктардын катарына кирет. Изилдөөлөргө ылайык, алар катуу таштандылардын арасында 3-орунда турат. Бир ымыркай жумасына орточо 7 кг жалаяк таштандысын чыгарып, 2,5 жылда бул көрсөткүч дээрлик 1 тоннага жетет.

Мындай жалаяктардын курамынын 60%дан ашыгы пластик болуп, алар 400–600 жылга чейин чирибейт. Мындан тышкары, бир баланын жылдык керектөөсү үчүн миңдеген жалаяк өндүрүлүп, ага көп көлөмдө жыгач, мунай жана суу сарпталат.

Адистердин айтымында, бул калдыктар убакыттын өтүшү менен топуракты жана сууну ууландырып, келечек муун үчүн экологиялык чоң көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Ошондуктан айлана-чөйрөгө зыяны азыраак альтернатива издөө бүгүнкү күндүн маанилүү маселелеринин бири бойдон калууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media