Кыргызстан ЕБдин санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмине кабылды

Кыргызстан ЕБдин санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмине кабылды

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн элчилери 22-апрелде Брюсселде өткөн жыйында Россияга каршы жаңы санкциялар пакетин жактырышты. Бул пакет мурда Венгрия жана Словакия тарабынан “Дружба” мунай кууру аркылуу орус мунайын жеткирүү токтотулганына байланыштуу бөгөттөлүп келгенин Bloomberg агенттиги билдирди.

Элчилер Украина куурун оңдоо иштерин аяктаганын жана мунай жеткирүү кайра жанданганын билдиргенден кийин макулдашууга жетишти.

Документти кабыл алуу процедурасы бүгүн күндүн экинчи жарымында аяктайт деп күтүлүүдө. Андан кийин пакет расмий түрдө кабыл алынып, ЕБнин расмий журналында жарыяланат.

Башында Еврокомиссия 20-пакетти февраль айында кабыл алууну пландаган, бирок макулдашуу процесси узарып кеткенин Reuters жазды.

Жаңы санкциялар Россиянын энергетика тармагынан түшкөн кирешесин кыскартууга жана анын аскердик-өнөр жай комплексин чектөөгө багытталган. Атап айтканда, чаралар дрон өндүрүшүнө, “көмүскө флотко” тиешелүү болуп, ошондой эле Россиянын суюлтулган жаратылыш газына байланыштуу кызматтарга этап-этабы менен тыюу киргизилет.

Жаңы пакетте үчүнчү өлкөлөргө өзгөчө көңүл бурулган. Евробиримдик санкцияларды айланып өтүүгө каршы атайын механизмди биринчи жолу Кыргызстанга карата колдонууда.

Чечимге ылайык, Европадан Кыргызстанга кош максаттагы айрым товарларды жеткирүүгө түз тыюу салынды. Чектөөгө төмөнкүлөр кирди:
  • жогорку тактыктагы металл иштетүүчү станоктор, анын ичинде сандык программалык башкаруусу (ЧПУ) бар жабдуулар;
  • байланыш жабдуулары — модемдер, роутерлер, радиостанциялар жана башка маалымат берүүчү түзмөктөр.
Евробиримдик Кыргызстан бул товарларды Россияга кайра экспорттоонун туруктуу каналына айланды деп эсептейт жана Бишкек менен жүргүзүлгөн техникалык сүйлөшүүлөр чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө алып келген жок деп билдирет.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы айрым логистикалык компаниялар Евробиримдиктин транспорттук инфраструктурасына жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media