Ат-Башыда 500 тоок менен ийгиликтүү ишкерлик жүргүзгөн фермер

Ат-Башыда 500 тоок менен ийгиликтүү ишкерлик жүргүзгөн фермер

Мал киндиктүү алыскы Ат-Башы районунун жашоочулары буга чейин ашып кетсе 10-15тен эле тоок багып келишкен. Климаты катаал болгондуктан тооктор жылуу мезгилде гана жумуртка берип, кеч күздөн жаз ортолоруна чейин туубай калат. Ошол себептен күз, кыш мезгилинде ат-башылыктар башка жактан келген жумуртканы кымбат сатып алышчу. Акыркы жылдары бул аймакта жумуртка багытындагы тоокторду багып, жайы-кышы элди жергиликтүү жумуртка менен камсыз кылган фермерлер чыга баштады. 

Алардын бири, район боюнча биринчи жолу 500 баш тоок багып, жыл бою жумуртка өндүрүп жаткан Баш-Кайыңды айылынын тургуну Барктабас уулу Жаныбекти кепке тарттык. Фермердин айтымында, ал 2010-жылы “Natural Agro” компаниясында жумуртка багытындагы тоок өндүрүү боюнча окуп, атайын сертификатка ээ болгон экен. 

 “Ошол боюнча жумуртка багытындагы тоокторду багам деп жүрүп 6-7 жыл өтүп кетти. Ал ортодо айылда пескоблок чыгардым. Анан эки жыл мурун чыгынып, “Оазисагро” компаниясынан жумуртка багытындагы тоокторду алып, жумуртка өндүрүү бизнесин баштаганбыз. Майда иш көрүнгөнү менен бул бизнес өзүн-өзү жакшы актайт экен”,-дейт ал. 

 Жаныбек мырза жумуртка багытындагы тоок багуунун жумушчу күчүн көп талап кылбагандыгы жана кирешелүүлүгү жакканын айтат. 

 “Мал баксаң аны кароо, багуу көп түйшүктү, эмгекти жана каражатты талап кылат. Мунун жакшы жагы 500 тоокту келинчегим эле тейлейт. Мен көп үйдө болбогондуктан анда-санда эле каралашам. Тоок сарайга күнүнө эки жолу гана – эртең менен кечинде жем берип, жумуртка жыйнаганы киребиз. Киргенде да ал жерде көпкө кармалбайбыз. Бөлмө температурадагы суу өзү акма жабдыктан дайыма берилип турат. 200 литр суу 2 күнгө жетет. Мезгил-мезгили менен суусуна дары, антибиотиктерди кошуп берип турабыз”,-дейт элеттик каарман. 

Фермер мындай тоокторду багуудагы эске алуучу жана кызыктуу жагдайлар бар экенин да ортого салды. 

 “Бул тооктор абдан сезимтал болгондуктан кадимкидей стресс болот. Ошол себептен сарайга башка адамдарды киргизбейбиз. Жарык берүүнү башында 9 саат, анан 10, 11, 12 саатка көбөйтүп отуруп 15 саатка чейин жеткиребиз. 15 саат болгондо таймер жарык берүүнү автоматтык түрдө өчүрөт. Эгер жарык берүү режими бузулса жумуртка берүү азайып кетет. Ошондуктан бул жагынан өтө этият болуш керек.

Тооктор 1,5 айга жакын туубайт. Жаңыдан тууй баштаганда жумурткалар ар кандай көлөмдө болот. Акырындык менен жумурткалар бирдей көлөм, салмакка келет”,-дейт Жаныбек мырза. 

Тоокторду ар кандай вирустардан, илдеттерден, ысык-сууктан кантип сакташарын сураганыбызда фермер буларды айтып берди. 

 “Бизге “Оазисагро” компаниясы тоокторду 3,5 ай болуп, жумурткалаганга жакындаганда тиешелүү вакциналарын сайып туруп берет. Аларды дезинфекцияланган, вирус кирбегендей туюк сарайда кармайбыз. Ошол себептен бизде кооптуу оору деле боло элек. 

 Негизи тооктун өзүнүн температурасы жогору болгондуктан сарай тооктордун деми менен эле жылуу болуп турат. Катуу суук болуп бара жатса жылыткыч менен бир аз жылытып коебуз. Жайкысын электр вентиляциясы менен салкындатабыз. Ошондо сарай ичи 16 градустан 25 градуска чейин жылуу болуп турат”,-дейт ал. 

Жаныбек мырзанын айтымында, жумуртка багытындагы бул тооктор 1,5 жылга чейин жумуртканы жакшы берип, андан кийин азыраак тууй башташат. Ошол себептен мындай тоокторду убагы келгенде жаңыртып туруш керек. 

 “Тооктор 1,5 жыл бою төрт мезгил тең тынбай туугандыктан шайы кетип калат. Башында жумуртка берүү 95% болсо кийин 75%га түшөт. Ошол себептен аларды кийин семиртип союшат же короз кошуп кадимки тоок кылып койсо да болот. Биз айылдаштарга бекер таратабыз”,-дейт маектешибиз. 

 Фермер тоок бизнеси менен аралашкандан бери жайкысын Таш-Рабат тарыхый жайына келгендерди, Ак-Сайдагы Көл-Сууга келген туристтерди тейлегендерди жумуртка менен камсыз кылып жатыптыр. Кышкысын Баш-Кайыңды айылындагы, коңшу айылдардагы дүкөндөрдү жергиликтүү жумуртка таратат экен.  

 “Кышында жумурткаларды дүңүнөн 10-12 сомдон берип жаттык. Мартта 13-14 сомго чейин чыкты эле, азыр кайра арзандап калды. Жумуртка өндүрүүдөгү негизги маселе – тоок жеми. Азыр биз тоок жемин “Оазисагродон” 35 сомдон сатып алабыз.  

Башка тоок баккандар менен байланышсам тоок жемин жасап көрүп, жумуртканын сапатын бузуп алгандар болуптур. Ошондуктан жемдин рецеби туура, так болуш керек экен. Кыргызстан боюнча тоок жемин азыр “Оазисагро” менен “Аталык” таратат. “Аталыктын” жемин алып тоокторго берип көрсөк жумуртканын сарысы өзгөрүп кетти. Ошол себептен азыр “Оазисагронун” жемин алып жатабыз”,-дейт ал. 

Жаныбек мырза үйүндө дробилка иштеткендиктен келечекте тоокторду миңге жеткирип,  тоок жемин чыгарууну максат кылып жатыптыр. 

Ишкер быйыл Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу жер алганын билдирди. Анын айтымында, арпа жана буудай аянтын көбөйтүп, тоок жемин чыгарууну, ошондой эле экинчи тоок сарайын куруп, жумуртка өндүрүшүн кеңейтүүнү пландоодо. Ал мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үстөк пайызы төмөн насыялар жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө