Быйыл Жалал-Абадда энергетикалык 5 долбоор ишке ашырылат

Быйыл Жалал-Абадда энергетикалык 5 долбоор ишке ашырылат

Энергетика министрлигинин өлкөнүн электр менен камсыздоо системасын чыңдоо жана калкты сапаттуу тейлөө боюнча коюлган тапшырмаларынын негизинде, Жалал-Абад облусунда 2026-жылы энергетикалык тармакты реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча 5 долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган долбоорлор электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, жаңы конуштарды жана өндүрүш объектилерин туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

1. Манас шаарында “Бакай” көмөк чордону курулат.

Манас шаарынын аймагында кубаттуулугу 110/10 кВ болгон “Бакай” көмөк чордону курулат. Учурда Манас шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилип, курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө.

2. Үч-Терек бөлүмүнүн жаңы имараты курулат

Токтогул РЭТинин Үч-Терек бөлүмүнүн административдик имараты жаңыдан курулат. Эски имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана ушул убакка чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Жыл сайын акталып, сырдалып турганы менен, эскилиги жетип, кызматкерлердин иш алып баруусуна ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

3. Аксыдагы Кербен бөлүмүнүн административдик имараты жаңыланат.

Аксы РЭТинин Кербен бөлүмүнүн административдик имараты жаңыдан курулат.

4. “Кристалл–Юлдуз” 220 кВ электр берүү линиясы жаңыланат. 

Өлкөнүн энергетикалык системасын өнүктүрүүгө багытталган REMIT долбоорунун алкагында “Кристалл–Юлдуз” 220 кВ электр берүү линиясы жаңыланат.

5. “Торобаев” жана “Кристалл” көмөк чордондору модернизацияланат. 

REMIT долбоорунун алкагында 220/110/10 кВ “Торобаев” жана 220/110/10 кВ “Кристалл” көмөк чордондорунда толук модернизациялоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media