“Күндүз талаада иштеп, түнү менен кыям кайнатчубуз” – таластык ишкер айымдын ийгилик баяны
Бул жолку каарманыбыз – Талас облусунун Көк-Ой айылынын тургуну, 4 кыздын энеси Жибек Абдрахманова. Ал үй-бүлөсү менен бирге 5 жылдан бери кыям жасап келет. Бүгүнкү күндө алардын чакан цехинде 11 адам эмгектенип, жылына 50-60 тонна кыям өндүрүлөт. Бирок бул ийгиликтин артында күн-түн дебей жасалган эмгек, тобокелчилик жана чоң чыдамкайлык турат. Жибек айым “Ишкер медиага” берген маегинде чакан казанда кайнатылып башталган иш бүгүнкү күндө кантип үй-бүлөлүк бизнеске айланганын айтып берди.
– Жибек айым, бул ишке кантип келип калдыңыз?
– Биз мурда Таластагы дыйкандардан малина, клубника сатып алып, аларды Казакстанга экспорттоп иштечүбүз. Ал жакта бир тууган таежем жашайт. Бир күнү таежем “ушул мөмөлөрдөн кыям жасап сатып көрбөйсүңөрбү, мен жасап сатып жатам” деп калды.
Байкасак кээ бир адамдар убактысынын тартыштыгынан же каражаттын жетишсиздигинен убагында кышкыга кыям жасап үлгүрбөй калышат экен. Ошондон кийин бул ишти баштоону чечтик. Алгач 20 литрлик казан менен жасай баштаганбыз. Дароо эле сатыкка чыгарган жокпуз. Улам изденип, рецебин жакшыртып, сапатына көңүл буруп отуруп азыркы деңгээлге жеттик. Тактап айтканда, ушул даам менен сапатты калыптандырууга 3 жылдай убакыт кетти.



– Кыямдарыңыздардын өзгөчөлүгү эмнеде?
– Биз кыямдарды тоңдурулган мөмөлөрдөн улам жаңы жасап турабыз. Айына эки жолу даярдайбыз. Азыркы завод-фабрикалардан чыккан кыямдардын даамы үй шартында жасалган кыямдан айырмаланып калат эмеспи. Биз болсо мөмөнүн табигый даамын, жытын сактап калууга өзгөчө көңүл бурабыз. Бардык кыямдарыбыз таза мөмө-жемиштерден даярдалып, эч кандай химиялык кошулмалар жана ГМО колдонулбайт.
Бардык кыямдарыбыз салттуу ыкма менен казанга даярдалат. Мөмөнүн витаминдери сакталышы үчүн кыямды 5-10 мүнөт гана кайнатабыз.
– Канча түр кыям чыгарасыздар?
– Азыр малина, клубника, карагат, алча, чычырканактын ашы жана имбирь-лимон кошулган 6 түр кыям жасайбыз. Алардын ичинен эң көп суроо-талапка ээ болгону – имбирь, лимон жана бал кошулган кыямыбыз. Муну табигый антигриппин десек дагы болот, иммунитетти чыңдоого жакшы жардам берет. Балдар дагы жакшы көрүп жешет. Ал эми чычырканактын кыямын көбүнчө улуу муундагы адамдар баалашат. Кардарлардын жакшы пикирлери бизге аябай дем-күч берет.
– Ишти өнүктүрүүдө кандай кыйынчылыктар болду?
– Кыйынчылыктар көп болду. Эң биринчи эле каржы маселеси кыйнады. Эл катары насыя алып эле баштаганбыз. Башында цехибиз жок болгондуктан, кышкысын сыртта иштечүбүз. Күндүзү дыйкандардан талаада алма алып иштесек, түнкүсүн үйгө келип алып таң атканча кыям кайнатчубуз.
Ал кезде эл дагы бизди жакшы түшүнө берчү эмес. “Кыямды үйдөн эле жасап алса болот да” дегендер көп болчу. Ошондуктан кыямдын ар бир түрүн өзүнчө идиштерге куюп алып, Таластагы базарларды кыдырып, “албасаңыздар дагы даамын татып көрсөңүздөр” деп сунуштап жүрдүк. Үч жылдай убакыт кыямдарыбыздын даамын элге таанытууга жумшадык десем туура болот.
Ошол жылдары күн-түн дебей иштеп, ар кандай сыноолордон өттүк. Кээде чарчап, “ушуну токтотуп эле салсакпы?” деген ойлор дагы болду. Бирок алдыга койгон максатыбыздан кайтпай, аракет кыла бердик. Кудайга шүгүр, 5 жылдын ичинде өзүбүздүн цехти куруп, дүкөн ачып, кыямдарыбызды дүкөндөргө чыгара баштадык. Азыр эл таанып, баалап калды. Атүгүл чет өлкөгө бара жаткан адамдар дагы атайын биздин кыямды алакетишет.



– Учурда өндүрүш көлөмү кандай деңгээлде жана канча киши иштейт?
– Кезинде биз дагы Орусияда 9 жыл миграцияда жүрдүк. Өз жериңде болбогондон кийин баары бир бирөөгө көз каранды болот эмессиңби. Ошондо “Биз деле өз жерибизде иштеп, башкаларга дагы жумуш орундарынтүзсөк” деп кыялданчубуз. Азыр акырындап ошол максатыбыз ишке ашып жатат. Учурда чакан цехибизде өзүбүздү кошкондо 11 адам эмгектенет. Ал эми жай мезгилинде дыйкандардан малина, клубника сатып алып,экспорттогон учурда 200дөй адамды жумуш менен камсыз кылабыз.
Кудайга шүгүр, азыр өзүбүздүн цехибиз жана дүкөнүбүз бар. Цехти ачканыбызга 2 жыл болду. Айына орточо 5 тонна, сезон маалында 10-15 тоннага чейин кыям өндүрөбүз. Жалпысынан бир жылда 50-60 тоннага чейин кыям чыгарабыз. Кыямдарыбыз Бишкек, Жалал-Абад шаарларындагы дүкөндөрдө сатылат. Башка аймактарга дагы жеткирип берүү аркылуу таратып жатабыз.
Өндүрүштү кеңейтүү үчүн мамлекеттик колдоого муктаж болуп турган кезибиз. Ошондуктан, Өкмөттөн жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жардам сурап кайрылганбыз. Айрыкча жай мезгилинде мөмө-жемиштерди көп көлөмдө сатып алуу жана өндүрүштү кеңейтүү үчүн колдоо керек болууда.



– Бул иште үй-бүлөнүн колдоосу канчалык маанилүү болду?
– Биздики толугу менен үй-бүлөлүк бизнес. Ата-энем, жолдошум, бир туугандарым – баарыбыз чогуу иштейбиз. Баарыбыз бир максат менен эмгектенип, бири-бирибизге ишенип иштедик. Үй-бүлөлүк ынтымактын аркасында ушул деңгээлге жеттик деп айта алам.
– Айымдар үчүн ишкерлик канчалык оор?
– Айымдар үчүн ишкерлик оңой эмес. Бир жагынан ишти алып кетсең, экинчи жагынан эне катары балдарыңа дагы жетиштүү көңүл бөлгүң келет. Биздин 4 кызыбыз бар. Күндүз алардын тамак-ашын даярдап, сыртынан бекитип коюп, түн бир оокумда келген күндөрүбүз болду. Андайда “балдарыма убакыт бөлө албай жатам” деген күнөөлүү сезим болот.
Бул жолдо мага үй-бүлөмдүн колдоосу чоң күч берди. Жолдошум, ата-энем, бир туугандарым ар дайым жанымда болуп, ишенип турушту. Анан дагы аял киши жолдошуна дем берип, “бир гана алдыга” деп шыктандырып турса көп нерсеге жетүүгө болот экен. Азыр ошол эмгектин үзүрүн акырындап көрө баштадык деп ойлойм.

– Иш баштайм дегендерге кандай кеңеш берет элеңиз?
– Эң негизгиси – талыкпай аракет кылуу. Адам чын ниети менен эмгектенип, изденсе сөзсүз жыйынтыгын көрөт. Мырза болобу, айым болобу алдыга максат коюп, артка кайтпай аракет кылышы керек.
Биз дагы жаңыдан өсүп келе жаткан ишкерлерденбиз. Бирок ушул убакка чейин көргөн кыйынчылыктарыбызды башкаларга каалабайбыз. Ошондуктан ким кеңеш сурап келсе, колдон келген жардамыбызды берип, билген маалыматыбыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Бир гана өзүңдү ойлобой, башкаларга дагы пайдаң тийсе, Кудай анын берекесин берет экен. “Элде болсун, эл ичинде бизде болсун” деген ой менен аракет кылып келебиз.
Эң негизгиси – адамдар биз сыяктуу миграцияга кетпей, өз жеринде иш баштап, өнүгүп өссө деген тилегибиз бар.