Еропаны эмес, жорго багууну тандаган – Адилет Мукашев
Адилет Мукашев төрт тилде эркин сүйлөгөн, билимдүү юристтердин бири. Ал билимин өркүндөтүп, Европа же АКШга кеткенге мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок, Европаны эңсебей, жылкыны сүйгөндүктөн Кыргызстанда калууну туура тапкан. “Ишкер медиа” Адилет Мукашевдин дүйнө кезип акча таппай эле, асыл тукум жорголорду багып, өз айылында ири ийгиликтерге жетип жатканына күбө болдук.
Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну 25 жаштагы Адилет Мукашев бала кезден эле асыл тукум багытындагы жорголорго кызыгат. Анын жорголору эл аралык жарыштарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келет. Ал азыркы учурда 50дөн ашуун өзгөчө багыттагы жылкыларды таптап жатат.



Ишкердиктин башаты
– Адилет жоргого кызыгып калышыңа эмне түрткү болду?
– Жылкы заводду атам Замир Мукашев 1992-жылы негиздеген. Андан бери ар кандай оош-кыйыш учурлар болду. Акырындан өрүш алып отуруп, биздин чакан чарбабыз Кыргызстандагы атактуу жылкы заводдордун арасына кошулду. Андыктан менин балалылыгым жылкы менен өтүп, ага болгон кызыгуум ошондо эле пайда болгон. Үйдүн кичүүсү болгондон улам, ата-энеме каралашып жүруп, жылкыга арбалып кеттим. Студент кезде дагы ат майданга барып жума сайын жылкыны көрүп келгенде кадимкидей моокумум канып калчу.
– Силердин жылкылардын өзгөчөлүгү эмнеде?
– Биз жөнөкөй жылкыларды бакпайбыз. Айрыкча, жарыштарга түшчү эң күлүк деген жорголорду багабыз. Булар - орус таскактуу жаңы тукумдагы жорголор болуп саналат. Башкача айтканда, “А” класстагы ылдам жүгүрүүчү жорголор.
Жорго багуунун пайдасы жана кыйынчылыктары
– Жорго багуудагы киреше - чыгашаңар кандай?
– Кирешелерди айтсам, жорго сатуу боюнча биздин эң төмөнкү баабыз - 12 миң доллар болсо, орточо баа - 40 миң доллардын тегереги. Тагыраак айтсам, “Олбур” деген жоргобуз казактарга - 75 миң долларга сатылган.
Ал эми чыгашаларга токтолсом, жылкы баласына өтө көп акча талап кылынат. Он чакты чабандес бар, алардын ар бирине орточо эсеп менен 50 миңден - 100 миң сомго чейин айлык акы төлөйбүз. Андан сырткары, жем-чөбүнө, дары-дармегине оңбогондой акча сарпталат. Ат чабыштарга барыш үчүн дагы ар бир атка - 150 миң сомдой каражат кетет. Айтор, капиталың болбосо, жорго бакпай койгон дурус. Биз өзүбүз эле байый берели дегенден алыспыз. Учурда мамлекетке дагы тийиштүү салык, төлөп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатабыз десем жаңылбайм.



– Жорго багуудагы оош-кыйыштарга токтоло кетсең?
– Кыйынчылыктар көп эле. Негизи жоргону таптоо, өтө татаал процесс. Ага кылдат мамиле кылуу зарыл. Жылкынын мүнөзүн, аны ички туюмун аңдай билиш керек. Ошондо гана ал тапталып, мыкты жорго болуп чыга келет. Ошондуктан, жоргону таптаган саяпкер да мыкты болушу керек.
Чабандестер жай мезгилинде таңкы төрттө туруп, жорголорго чөп салып, суутуп, тийиштүү дары-дармегин берип, түнкү саат 12ге чейин жылкылар менен алек болушат. Аттардын жаракат албашын көзөмөлдөп, оорубаса экен деп санаа тартышат. Ошондой эле климаттык шарт дагы талапка жооп бербесе, күлүк жорго чыгышы мүмкүн эмес.
Атак алып келген ийгилик
– Жорго таптап кандай ийгиликтерге жеттиң?
– Кыргызстандагы эл аралык жарыштардын дээрлик көпчүлүгүндө баш байгеге ээ болдук. Бул мен үчүн - чоң сыймык. Мисалга айта кетсек, Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда “Барон” аттуу жоргобуз биринчиликти багындырган. “Оптимист” деген жоргобуз, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кубогун уткан. Ошондой эле, Ж.Шералиев жана Торгой баатырдын мааракесине арналган жарыштарда бир катар сыйлыктарды багындырдык.
– Адилет жорго бакпай шаарда бир кеңседе иштесең болбойт беле?
– Мен Ататүрк универстетинин юридика факультетин бүтүргөм. Магистратураны Европа, АКШда деле окуп бүтүрүүгө мүмкүнчүлүгүм бар эле. Бирок, мен жылкыны сүйгөн үчүн чет өлкөнү эмес, жоргону тандап, Кыргызстанда калдым. Азыркы учурда үйдүн кичүүсү болгондуктан, Бөкөнбаев айылында ата-энеме кол кабыш кылып, мал чарбасы, дыйканчылык менен алектенип келем.



Келечекке кандай пландарды коюп жатасың?
– Азыркы тапта, Тоң жергесинде туризм катуу өнүгүп жатат. Андыктан туризм тармагына да баш-багып өзүмдү ушул чөйрөдөн да сынап көрөйүн деп жатам. Жорголор менен Кыргызстанды кандай таанытсам, туризм тармагы аркылуу да өлкөбүздүн атын чыгарам деген илгери үмүтүм бар. Туризм – Кыргызстандын күрөө тамыры. Ошондуктан мамлекетке келген ар бир конокту кастарлап тосуп, туристтердин санынын артышына өбөлгө түзсөм деген ниетте жүрөм.
Туризм, ат багуу менен эле чектелип калбастан, өрүк өстүрүү менен дагы алекмин. Азыркы маалда өрүктөрүмдү терип, аны сатайын деген камылгада жүрөм. Ар бир адам талыкпай иштей берсе, кудай берерин унутпайт экен. Андыктан, менин курагымдагы балдар, айыл жеринен качпай, тескерисинче кичи мекенин өркүндөтүүгө жандалбастап иштесе, мекенге аздыр-көптүр салым кошкон болот элек.

Адилет Мукашев атасы жана чабандестери менен (солдон оңго)