Аз атаандаштык, даяр суроо-талап: Кыргызстандагы келечектүү 5 бизнес багыт

Аз атаандаштык, даяр суроо-талап: Кыргызстандагы келечектүү 5 бизнес багыт

“Кафе көп, дүкөн толтура, өзгөчө идея жок” деген ойлор жаңы бизнес баштоону каалагандардын көбүн токтотот. Анда Кыргызстанда азыр кайсы кызматтарга суроо-талап өсүп жатат? Жакынкы 3–5 жылда кандай багыттарга көңүл бурса болот?

Бул суроолорго жооп алуу үчүн башкаруу боюнча сертификатталган адис, бизнес-консультант, Кыргызстандын экономикасынын отличниги, андрагог Азамат Аттокуров менен маектештик. Ал Байтик айылындагы "Ev Hotel" конок үйүн иштетүү менен да алектенет. Адис жаңы ишкерлердин ийгилигине таасир эткен, бирок көп учурда көз жаздымда калган себептер тууралуу айтып берди.

 - Учурда кайсы тармактарда ишкерлер үчүн бош мейкиндиктер бар?

- Азыр эң тез өнүгүп жаткан тармак — өндүрүш жана кайра иштетүү. Статистика муну ачык көрсөтүп турат. Бирок ишкерлерге дайыма айтам: чоң толкундун өзүнө кирүү дайыма эле туура эмес, анткени ал жерде капитал көп талап кылынат. Туурасы — ошол толкундун экосистемасына кирүү.

Завод салынды дейли. Ага вентиляция, канализация, фасад, электр монтажы, жылытуу жана өрттөн коргоо системасы керек. Желдетүү каналдарын тазалоо сыяктуу кызматтар да бар. Ушулардын ар бири — өзүнчө бизнес. Эң кызыгы, бул кызматтар бир жолку эмес, орноткон соң жыл сайын тейлейсиң. Ишкер бир жолку сатуудан эмес, туруктуу тейлөө келишимдеринен жакшы киреше табат. Бизде муну түшүнгөндөр аз, ошондуктан атаандаштык да салыштырмалуу төмөн.

Экинчи чоң багыт — аралыктан тейлөө. Онлайн мектеп, онлайн медицина. Себеби жөнөкөй: адистер шаарда, ал эми муктаждык аймактарда. Нарында же Баткенде тар багыттагы жакшы дарыгер жетишсиз болушу мүмкүн, ал эми интернет бар. Бул технологиялык эмес, уюштуруу маселеси. Ким биринчи болуп системалуу жолго койсо, ошол ийгиликке жетет.

Айыл чарбасында да боштук ачык көрүнүп турат:асыл тукум мал, сүт азыктары, жумуртка, тоок эти, балык чарбасы, дан жана куурай өстүрүү. Биз сүттү да, жумуртканы да четтен алып келебиз. Бул да мүмкүнчүлүк. Суроо-талап даяр турат, аны түзүүнүн кереги жок.

Туризмде да ушундай: конок үйлөр жана туроператордук тейлөө. Мейманкана салгандар көп, ал эми конокту алып келген, маршрутун түзгөн, кызматын уюштурган адамдар аз.

Тигүү бизнеси өсө берет, бирок бир маанилүү шарт менен: Орусияга гана көз каранды болбош керек. Мен тигүүчүлөр менен көп иштешем. Багытты Борбордук Азияга, Дубайга жана Европага буруу керек. ТН ВЭДдин 62-коду боюнча биздин өндүрүмгө ал жактарда суроо-талап бар, бирок сапат, документ жана туруктуу көлөм талап кылынат. Ушул үчөөнү камсыздай алган ишкер эртеңки экспорттун ээси боло алат.

 - Сиздин оюңузча, кийинки 3–5 жылда кайсы нишалар алдыга чыгат?

- Биринчиден, кайра иштетүү чийки затты даяр продуктка айлантууга өтөт. Мисалы, бүгүн биз картошканы кабыгы менен сатабыз. Эртеңки утушта болгондор аны жууп, сорттоп, таңгактап, өз бренди менен сата баштайт. Бул иштерди камсыздай турган муздатуучу сактагычтар, сорттоо линиялары, лабораториялар, таңгак өндүрүшү азыр дээрлик жок. Демек, бизнес үчүн негизги мүмкүнчүлүк дал ушул жерде.

Экинчиден, энергия жана инженердик системалар. Кыш сайын жарык өчүп жатса, бул убактылуу көйгөй эмес, туруктуу шарт. Күн панели, жылуулукту үнөмдөө, автономдуу чечимдер, аларды орнотуу жана тейлөө — кийинки беш жылдын бизнеси. Мен өзүмдүн конок үйүмдө электр унаалары үчүн кубаттагыч койгондо көбү күлгөн. Бүгүн көчөгө чыксаң, ар бир үчүнчү машина электр менен жүрөт.

Үчүнчүдөн, кадр даярдоо. Мамлекет быйыл чет элдик жумушчуларга квотаны эки эсе, тагыраагы 100 миңге чейин көтөрдү. Демек, бизде ширетүүчү да, электрик да, ашпозчу да жетишпейт. Кесиптик окуу борборлору, кадр агенттиктери, аутсорсинг тармактары кыйла өсөт.

Мындан тышкары, кыргыз тилиндеги онлайн мектеп, окуу платформа, тиркеме, AI-чечимдер. Бул азыр бош талаа, ал эми беш жылдан кийин толук рынок болот.

- Атаандаштык күчтүү болгон тармакта дагы мүмкүнчүлүк бар экенин кантип аныктаса болот?

- Бул карама-каршы угулат, бирок логикасы жөнөкөй. Атаандаштык көп болсо, кардар тандай баштайт. Тандаган кардар талапчыл болот. Ошондо "жалпыга арналган" продукт жетишсиз болуп, ниша ачылат.

Мисалдары көз алдыбызда. Жөн дүкөн эмес, органикалык дүкөн. Жөн картошка эмес, асыл тукум, уруктук картошка. Жөн бал эмес, лабораториялык анализи бар таза бал. Демек, толуп калган рынок эмес экен, толуп калган — окшош сунуш.

Ошондуктан ишкер өзүнө туура суроо бериши керек. "Бишкекте канча кафе бар?" — бул туура эмес суроо. "Бул аянтта балалуу үй-бүлө эртең мененки тамакты кайда жейт?" — мына бул туура суроо. Жооп жок болсо, ошол жерде орун бар.

- Жасалма интеллект бардык тармакты тездик менен өзгөртүп жатат. Бизнес жааты азыртан кайсы өзгөрүүлөргө даяр болушу шарт?

 - Эң маанилүүсү кардардын жүрүм-туруму өзгөрдү. Мурда адамдар досторунан сурачу, же Google'дан издечү. Бүгүн түз эле жасалма интеллектке жазабыз: "кайсы машинаны алсам?", "үйдү эмнеден курсам?", "Караколдо кайда токтосом болот?"

Мунун бизнес үчүн мааниси өтө чоң. Мурда сен кардарга өзүң жарнама аркылуу жетчүсүң. Эми ортодо AI турат жана ал сунуштайт. Демек, ишкер эки нерсени билиши керек.

Биринчиси — AI азыр эмне сунуштап жатканын алдын ала текшерүү. Өз тармагың боюнча кардар бере турган суроолорду жазып, AI'дан сурап көр. Сени атайбы, атаандашыңдыбы же таптакыр башка компанияныбы? Мен көп ишкер менен ушул көнүгүүнү жасаганда, көбү өз бизнеси сунуштарда жок экенин биринчи жолу билишет.

Экинчиси — мактаган жарнама эмес, айырмачылыгыңды так айткан маалымат. Жасалма интеллект “биздин өндүрүм эң сапаттуу, эң арзан, эң мыкты” деген сөздөргө таянбайт. Ал конкреттүү фактыларды алат: кайда жайгашкан, эмнеси менен айырмаланат, сертификаты барбы, кимдер жазган, кардарлар эмне дейт. Ошондуктан маалымат булагы катары сайтың, социалдык тармактарың, эксперттик каналдарың болушу керек.

- Сиздин жеке тажрыйбаңызда, ишкерлер көп учурда көңүл бурбай, бирок ийгиликсиздиктин себеби болуп калган ката кайсы?

 - Тизме менен ток этерин айтып берейин, себеби каталар кайра-кайра, ар бир шаарда, ар бир тармакта кайталанат.

Базарды изилдебейт. Ишкер идеяга ашык болуп калат да, аны текшербестен ишке киришет. Отуз кардар менен сүйлөшүү, атаандаштын трафигин санап көрүү — бул бир жумалык иш. Аны жасабагандар үч жыл бою катасынын акысын төлөшөт.

Башкаларды тууроо. Коңшусунун иши жүрүп жатса, ошондой эле бизнести ачат. Бирок ал коңшусунун ижарасы арзан, жеткирүүчүсү тууганы экенин, же беш жыл бою кардар топтогонун билбейт. Тышын көчүрсөң да, ичин көчүрө албайсың.

Карызга же насыяга бизнес ачуу. Бул мен үчүн эң оор тема. Бизнес биринчи жылы дээрлик дайыма эле чыгым менен иштейт. Ошондо ишкер ишин өнүктүрүүнүн ордуна, ай сайынкы төлөмдү жабууга чуркайт. Менин кеңешим: ишти баштаганда мүмкүн болушунча өз каражатыңды колдон, насыяны иштеп жаткан бизнести кеңейтүүгө ал.

Пайданы эсептей албоо. Кассадан акча алып, үйгө коротот да, “пайда бар” деп ойлойт. Чынында айлантууга керектүү акчаны коротуп жаткан болушу мүмкүн. Бир чыны кофе, бир көйнөк же бир коноктун түнөшү сага толук эсептегенде канчага түшөт? Ушуну билбеген ишкер багытын жоготот.

Команданы башкара албоо. Бизнес чоңойгондо ээси баарын өзү жасай албай калат. Ошондо адамдарды туура башкара албаган ишкер кайра артка кетет. Адам тандоо, милдет бөлүштүрүү, ишти көзөмөлдөө жана керек болсо кызматкер менен коштошуу да үйрөнө турган көндүмдөр.

Үй-бүлөлүк бизнестеги жаңжал. “Биз бир туугандай элек” деп башталган иш көп учурда сотто бүтөт. Кимде канча үлүш бар, чечимди ким кабыл алат, ким эмнеге жооп берет, бирөө бизнестен чыккысы келсе эмне болот? Мунун баары мамиле жакшы кезде кагазга жазылышы керек. Мамиле бузулгандан кийин кеч болуп калат.

Ал эми мунун баарынын түбүндө бир нерсе жатат: бизнес ээсинин деңгээлинен бийик көтөрүлбөйт. Үйрөнгөн, эсептеген, сын уккандан коркпогондор өсөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Чаектеги 6 кабаттуу турак жайдын курулуш шарттары текшерилди

Чаектеги 6 кабаттуу турак жайдын курулуш шарттары текшерилди

Чаек айылында курулуп жаткан 6 кабаттуу турак жайдын аймагында инженердик-геологиялык изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Изилдөөнүн алкагында бургулоо иштери жүргүзүлүп, курулуш жүрүп жаткан аймактын жер кыртышы текшерилди. Топурактын үлгүлөрү алынып, физикалык-механикалык касиеттерин аныктоо үчүн лабораторияга жөнөтүлдү. Изилдөөнүн жыйынтыгы жер кыртышынын

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде ФКУга 500дөн ашык таасир этүү чарасын колдонду

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде ФКУга 500дөн ашык таасир этүү чарасын колдонду

КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын II чейрегинде коммерциялык банктарга, банк эмес финансы-кредиттик уюмдарга жана башка көзөмөлдөгү субъекттерге карата бир катар таасир этүү чараларын колдонду. Улуттук банктын расмий маалыматтарына таянсак, коммерциялык банктарга карата апрель–июнь айларында 6 эскертүү берилип, 22 жазма буйрук жөнөтүлгөн. Ошондой эле 1 айыптык төлөм салынган. Бул

Балыкчыда 7 облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган этнопарк курулуп жатат

Балыкчыда 7 облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган этнопарк курулуп жатат

Балыкчы шаарында аянты 3,1 гектарды түзгөн этнопарк курулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Ысык-Көлдүн кире беришин көрктөндүрүү жана туризмди өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда. Этнопаркта Кыргызстандын жети дубанынын өзгөчөлүгүн, кыргыздын улуттук колоритин, маданиятын чагылдырган жайлар жана экспозициялар орун алат. Кире бериш бөлүгүнө "

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

30-31-августта Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына байланыштуу жол кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. ИИМ шаар тургундарына жана конокторуна каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады. Иш-чара өтүүчү "Бишкек Аренага" шаардын