Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде ФКУга 500дөн ашык таасир этүү чарасын колдонду

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде ФКУга 500дөн ашык таасир этүү чарасын колдонду

КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын II чейрегинде коммерциялык банктарга, банк эмес финансы-кредиттик уюмдарга жана башка көзөмөлдөгү субъекттерге карата бир катар таасир этүү чараларын колдонду.

Улуттук банктын расмий маалыматтарына таянсак, коммерциялык банктарга карата апрель–июнь айларында 6 эскертүү берилип, 22 жазма буйрук жөнөтүлгөн. Ошондой эле 1 айыптык төлөм салынган. Бул мезгилде Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 15 отурумун өткөрүп, анда коммерциялык банктардын ишине байланыштуу 35 маселени кароого алган.

Ал эми банк эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар иш-чаралар кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, инспектордук текшерүүнүн натыйжасында - микрофинансылык уюмдарга 30, кредиттик союздарга 29, кредиттик бюрого 1, ал эми алмашуу бюролоруна 26 жазма буйрук берилген.

Мындан тышкары, алмашуу бюролорунун ишмердиги боюнча 24 убактылуу токтотуу чарасы колдонулуп, 24 айыптык төлөм салынган. Тышкы көзөмөлдүн натыйжасында дагы негизги чаралар алмашуу бюролоруна карата көрүлгөн. Алардын ичинен:

-        алмашуу бюролоруна — 356 жазма буйрук, 2 - лицензиясын убактылуу токтотуу, 12 - айып пул салуу каралган, 20 - алмашуу бюросунун лицензиясын кайтарып алуу;
-        микрофинансылык уюмдарга — 11 жазма буйрук, 1 - алмашуу бюросунун лицензиясын кайтарып алуу;
-        кредиттик союздарга — 8 жазма буйрук берилген;

Улуттук банктын маалыматы көрсөткөндөй, 2026-жылдын II чейрегинде банк жана банк эмес финансы секторунда көзөмөлдөө жана талаптарды аткарууну камсыз кылуу боюнча чаралар өзгөчө алмашуу бюролоруна карата активдүү болгонун.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын 14-августуна карата абалы боюнча реестрине ылайык, Кыргызстанда азыр жалпы 896 алмашуу бюросу ишмердүүлүк жүргүзүп жатат. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media