Чаектеги 6 кабаттуу турак жайдын курулуш шарттары текшерилди

Чаектеги 6 кабаттуу турак жайдын курулуш шарттары текшерилди

Чаек айылында курулуп жаткан 6 кабаттуу турак жайдын аймагында инженердик-геологиялык изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Изилдөөнүн алкагында бургулоо иштери жүргүзүлүп, курулуш жүрүп жаткан аймактын жер кыртышы текшерилди. Топурактын үлгүлөрү алынып, физикалык-механикалык касиеттерин аныктоо үчүн лабораторияга жөнөтүлдү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы жер кыртышынын өзгөчөлүктөрүн жана курулуш жүргүзүлө турган тилкенин шарттарын аныктоого мүмкүндүк берет. Алынган маалыматтар турак жайдын долбоордук чечимдерин иштеп чыгууда эске алынат.

Министрликтин маалыматына ылайык, инженердик-геологиялык изилдөөлөр объектти коопсуз жана талаптарга ылайык долбоорлоо үчүн жүргүзүлөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бир жумада 28 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Бир жумада 28 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 14-августтан 20-августка чейин, алдын ала маалымат боюнча, 28 367 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Алардын ичинен: • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 948; • мас абалында унаа башкаруу — 519; • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 224; • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин

"Кыргызалтындын" таза кирешеси алты айда 33 млрд сомго жетти

"Кыргызалтындын" таза кирешеси алты айда 33 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында "Кыргызалтын" ААКнын таза кирешеси 33 млрд сомду түздү. Бул тууралуу компаниядан билдиришти. Көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн. Ошондой эле ал компаниянын 2025-жылдагы жалпы таза кирешесинен 1,8 эсеге көп. 2025-жылдын жыйынтыгында "Кыргызалтындын" таза кирешеси

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

Бишкек шаарында жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган коноктор катышты. Анын жүрүшүндө өлкө башчы мейманкана Акаевдин заманында түркиялык ишкерлер тарабынан курулгандыгын, кийин мамлекет объектини мыйзамсыз тартып алгандыктан, ишкер Нью-Йорктогу сотко кайрылып, Кыргызстанды 16,5 млн доллар доого жыккандыгын билдирди. Садыр

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаа токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү үчүн ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, адистер жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, аларды сапатына жараша иргеп, сактоого даярдашууда. Жыйналган уруктар кийинки мезгилде көчөтканаларда көчөт өстүрүүгө, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү иштерине пайдаланылат. Белгиленгендей, уруктарды