Үнөмдүү стартап. Бизнес ачууда тобокелдиктерди кантип азайтса болот?

Үнөмдүү стартап. Бизнес ачууда тобокелдиктерди кантип азайтса болот?

Бизнес дайыма ар кандай тобокелчиликтер менен коштолот, ошондуктан бул көпчүлүк адамдардын өз бизнесин ачуу кыялынан баш тартуусунун негизги себептеринин бири болуп келет. Бирок бүгүнкү күндө аналитиктер бизнести баштоодо тобокелдиктерди минималдаштыруунун көптөгөн ыкмаларын иштеп чыгышты.

Accelerate Prosperity бизнеске салган каражаттарыңызды жоготпостон, кирешелүү бизнес моделин табуу боюнча чакан нускама даярдады.

«Биз бизнести ири инвестициясыз жана тобокелчиликтерсиз ишке ашырууга мүмкүндүк берген үнөмдүү стартап ыкмасы жөнүндө айтып беребиз. Бул продуктуңузду иштеп чыгууда жана кардар менен тыгыз кызматташууңузга өбөлгө болот», – деп айтылат билдирүүдө.

Үнөмдүү стартап ыкмасынын маңызы:

  • Жашоого жөндөмдүү продукт (MVP), башкача айтканда, товардын сыноо версиясы, тестирлөөгө чыгарылат
  • Продукция түздөн-түз колдонуучуларга жана керектөөчүлөргө текшерүүгө берилет
  • Товарды өзгөртүү потенциалдуу кардарлардын реакцияларын талдоонун негизинде жүргүзүлөт.
«Көрүнүп тургандай, бул ыкма кемчиликсиз товарды жаратуу дегендикке жатпайт. Минималдуу мүнөздөмөлөргө ээ товарды чыгарууга жана аны кардарлардын иш жүзүндөгү муктаждыктарына жараша туруктуу жакшыртып отурууга  негизделген», – деп белгилейт Accelerate Prosperity.

Бардык учурда, өнүгүү векторун түп-тамырынан бери өзгөртүүгө даяр болушуңуз керек. Мындай ыкма «пайдасыз стартапты» түзүүдөн алыс болот.

Үнөмдүү стартапты практикада кантип колдонсо болот?

  • Түзүү. Стартап үчүн продукцияны мүмкүн болушунча тезирээк минималдуу өндүрүмдүүлүк менен баштоо маанилүү
  • Баалоо. Продуктуңузду жараткандан кийин, аракеттериңиздин натыйжаларын баалай баштаңыз
  • Окуу. Бул жол сизди ийгиликке жеткирбестигине көзүңүз жеттиби? Коркунучтуу эмес. Керектөөчүгө көңүл буруу менен векторду тез өзгөртүңүз
Ошентип бул үнөмдүү стартап ыкмасы – туруктуу өзгөрүүлөр менен мүмкүн болгон эң жөнөкөй продукцияны жаратуу. Бул ыкма базар талабы жок товарды жаратпоого мүмкүндүк берет. Бул сизге убакыт менен акчаны үнөмдөөгө жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан. Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк,

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо кластеринин лыжа трассаларын жана асма жолдорун куруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме өттү. Ишканадан билдиришкендей, "Ала-Тоо Резорт" ААКнын жетекчилиги жана адистери подряддык жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшеришти. Кеңешменин катышуучулары лыжа трассаларынын

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын  ишин токтотуу демилгеленди

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын ишин токтотуу демилгеленди

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Эске салсак, июндун аягындагы

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилер көрсөтүлдү. Министрдин айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Ошто 10 жаңы мектептин курулушу