Коомдук тамактануу тармагы бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүүнү суранууда

Коомдук тамактануу тармагы бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүүнү суранууда

Коомдук тамактануучу жайлардын өкүлдөрү бирдиктүү салыктын ставкасын 8%дан 2%га түшүрүүнү суранышууда. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Кыргызстандагы рестораторлор жана мейманканачылар Ассоциациясынын директору Евгений Тян билдирди.

Ал жаңы Салык кодекси күчүнө киргенин жана Салык кызматынын адистери рестораторлорго телефон чалып, 8%дык чен менен салык төлөөнү талап кылып жатышканын айтты.

Жакында коомдук тамактануу тармагынын өкүлдөрү Экономика министри менен жолугуп, ставканы 6%га түшүрүү маселесин талкуулашкан. Бирок рестораторлордун айтымында, бул сан дагы деле жогору болуп эсептелет.

«Мен кесиптештерим менен чатта жазышканда алардын көбү бул сумманы төлөй албай жатканын айтышты. Эгер ченди 6%га түшүргөндө деле бул ресторан тармагына терс таасирин тийгизет. Бишкекте мекемелер төлөм жөндөмдүүлүгүнөн улам кандайдыр бир жол менен салыктын бул ставкасын көтөрө алышат, бирок башка аймактар үчүн бул бизнести өлтүргөнгө барабар», – деди ал.

Тян коомдук тамактануу тармагы калкты жумуш менен камсыздоо боюнча лидерлердин бири болуп саналат жана ага расмий түрдө 200 миңден ашык адам тартылганын айтат.

«Биз салыктык ченди 2%га чейин төмөндөтүүгө аракет кылабыз, региондор үчүн ал 1%га чейин болушу мүмкүн. Алардын кирешесине караш керек. Мамлекеттик салык кызматы менен Экономика министрлиги ачык жана биз менен бул маселени талкуулап жатышат», – деди ал.

Ошондой эле Тян коомдук тамактануу ишканалары жана Экономика министрлиги бирдиктүү салыктын ставкасынын өлчөмү боюнча жумушчу топ түзүүнү пландап жатышканын кошумчалады.

«Ошондо гана бардык ресторандар көмүскөдөн чыгышат. Бизге да иштөөгө ыңгайлуу болот, мамлекет да каалаганын алат», – деп баса белгиледи Ассоциациянын жетекчиси.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

Ички иштер министрлиги жарандарды акысыз спутниктик интернетке туташтыруу шылтоосу менен жасалышы мүмкүн болгон алдамчылык аракеттерден сак болууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, алдамчылар WhatsApp аркылуу спутниктик интернет сыноо иретинде ишке киргизилгени тууралуу жалган билдирүүлөрдү таратып, акысыз туташууну жана интернеттин ылдамдыгын жогорулатууну сунушташууда. Андан соң интернетти

Ишкер Media
Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектен Чүй облусунун шаарларына жана калктуу конуштарына туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Токмок, Кант, Кемин, Сокулук жана Кара-Балтадан Бишкекке каттаган тургундар эртең менен жана кечинде транспорт жетишсиздигинен кыйналып жатышат. “Жарандар кайрылып жатышат. Кечки

Ишкер Media
Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери суу объектилеринен 160 чакырымдан ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тазалоо иштери суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Негизги иштер Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында кыргыз

Ишкер Media