Кыргызстандык Sky Elevators компаниясы Россияга лифттерди экспорттой баштайт

Кыргызстандык Sky Elevators компаниясы Россияга лифттерди экспорттой баштайт

Бүгүн, 4-августта Кыргызстандын Sky Elevators компаниясы (Sky Industrial Group холдингинин курамына кирет) россиялык “МТК” компаниясы менен лифт продукциясын Россияга жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Келишимге ылайык, “МТК” Россиядагы Sky Elevators компаниясынын расмий дистрибьютору болуп, жакынкы аралыкта жабдууларды ташый баштайт.

«Бул Кыргызстанда жогорку технологиялык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жасалган чоң кадам. Бул Кыргызстандагы биринчи диверсификацияланган заманбап, динамикалуу өнүгүп жаткан лифт жабдууларын жана ар кандай конфигурациядагы көтөрүүчү механизмдерди чыгарган завод. Анын бардык технологиясы Түштүк Корея, Кытай жана Кыргызстандын адистери менен биргеликте иштелип чыккан», – деп айтылат компаниянын маалыматында.

Sky Elevators компаниясы жүргүнчү, жүк-жүргүнчү, панорамалык жана оорукана лифттерин, курулуш, кичи жана чоң жүк көтөрүүчү лифттерди чыгарат.


Эскерте кетсек, 2-августта Кыргызстанга Татарстан менен Башкортостандан бизнес-форумга катышуу үчүн бизнес делегация келген. Алар форумдун алкагында ата мекендик ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Делегацияны ТР Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Шамил Агеев жана Башкортостандан Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов жетектеп жүрөт. РФнын бизнес өкүлдөрү кызматташуу үчүн өнөктөштөрдү табууга, байланыш түзүүгө кызыкдар жана алар 8-августка чейин Кыргызстанда болуп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

Бүгүн КР Соода-өнөр жай палатасы аларга Чүй облусундагы ишканаларда көчмө жыйындарды уюштурат, андан соң делегация Ысык-Көл жана Ош облусунда жергиликтүү ишкерлер менен жолугушат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында курулуш материалдарын жана өнөр жай жабдууларын, эмеректерди, трикотаж буюмдарын, жумушчу кийимдерди, азык-түлүк чийки затын, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөр, ошондой эле эл аралык транспорт жана онлайн билим берүү компаниялары бар.

Кошумча окуңуз: Биринчи лифт заводун Кыргызстанда кантип ачтым – Рахат Жунушбаева менен маек

Кыргызстанда лифт жабдууларын чыгарган ата мекендик ишкана ачылды

Татарстандык бизнес делегация КРда жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууда — азырынча 2 келишим түзүлдү

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

Ички иштер министрлиги жарандарды акысыз спутниктик интернетке туташтыруу шылтоосу менен жасалышы мүмкүн болгон алдамчылык аракеттерден сак болууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, алдамчылар WhatsApp аркылуу спутниктик интернет сыноо иретинде ишке киргизилгени тууралуу жалган билдирүүлөрдү таратып, акысыз туташууну жана интернеттин ылдамдыгын жогорулатууну сунушташууда. Андан соң интернетти

Ишкер Media
Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектен Чүй облусунун шаарларына жана калктуу конуштарына туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Токмок, Кант, Кемин, Сокулук жана Кара-Балтадан Бишкекке каттаган тургундар эртең менен жана кечинде транспорт жетишсиздигинен кыйналып жатышат. “Жарандар кайрылып жатышат. Кечки

Ишкер Media
Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери суу объектилеринен 160 чакырымдан ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тазалоо иштери суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Негизги иштер Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында кыргыз

Ишкер Media