«Кыргызалтындын» Башкармалыгы толук курамы менен кызматтан кетишти

«Кыргызалтындын» Башкармалыгы толук курамы менен кызматтан кетишти

«Кыргызалтын» ААК Башкармасы толук курамы менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазышты. Бул маалыматты бүгүн, 2-сентябрда аталган ишкананын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов, ошондой эле төраганын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев кызматтан кетишкен.

Мекеменин маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянсак, башкармалыктын жаңы курамы сунуштала элек жана расмий маалымат кийинчерээк берилет. Мындай күтүүсүз өзгөрүүлөрдүн себептери да айтылган жок.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

ИИМ акысыз интернет сунуштаган алдамчылардан сак болууну эскертти

Ички иштер министрлиги жарандарды акысыз спутниктик интернетке туташтыруу шылтоосу менен жасалышы мүмкүн болгон алдамчылык аракеттерден сак болууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, алдамчылар WhatsApp аркылуу спутниктик интернет сыноо иретинде ишке киргизилгени тууралуу жалган билдирүүлөрдү таратып, акысыз туташууну жана интернеттин ылдамдыгын жогорулатууну сунушташууда. Андан соң интернетти

Ишкер Media
Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектен Чүй облусунун шаарларына жана калктуу конуштарына туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Токмок, Кант, Кемин, Сокулук жана Кара-Балтадан Бишкекке каттаган тургундар эртең менен жана кечинде транспорт жетишсиздигинен кыйналып жатышат. “Жарандар кайрылып жатышат. Кечки

Ишкер Media
Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери суу объектилеринен 160 чакырымдан ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тазалоо иштери суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Негизги иштер Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында кыргыз

Ишкер Media