Инвестор: Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу жакында бүтөт - 400 миң доллар салынды

Инвестор: Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу жакында бүтөт - 400 миң доллар салынды

Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасын куруп жаткан «Декна Бишкек Текстиль» ЖЧКнын директору, инвестор Фырат Дениз Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Равшан Сабиров менен жолугушуусунда курулуш иштери дээрлик бүтүп калганын билдирди.

Белгилей кетсек, тигүү жана текстиль фабрикаларын куруу долбоору «Декна Бишкек Текстиль» компаниясы тарабынан ишке ашырылып жатат, инвестициянын көлөмү болжол менен 25 млн долларды түзөт. Ал эми курулушка 400 миң доллар сарпталган.

Түркиядан келген инвестор мурдагы Кара-Балта килем комбинатынын базасында жалпы аянты 53 миң чарчы метр жаңы текстиль фабрикасын ачууну пландаштырууда. Компания ишкананы кеңейтүүнү көздөп, совет мезгилинен калган аянты 35 миң чарчы метрди түзгөн оюнчук фабрикасынын имаратын кошо алган.

«Декна Бишкек Текстиль» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана ээси Фырат Дениз Сабировго текстиль фабрикасынын курулушу жакынкы аралыкта бүтөрүн билдирди.

Келечектеги ишкана кластердик ыкма менен иштеген уникалдуу фабрика болмокчу. Анткени ал даяр текстилдик кездемеден калган калдыктарды жипке жана кездемелерге кайра иштетүү аркылуу иш жүзүндө калдыксыз өндүрүштү камтыйт. Биринчи этапты ишке киргизгенден кийин ишкананын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана бүтүндөй текстиль кластерин түзүү пландаштырылууда.

Бул долбоорду ишке ашырууда 800-1000 жумушчу орун түзүлөт.

Кошумча окуңуз:

Түркиялык инвестор Кара-Балта шаарында жаңы текстиль фабрикасын ачат

Кара-Балтадагы эски оюнчук заводунун базасында текстиль фабрикасы ачылат – 800 жумуш орун менен камсыздайт

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын борбордук банктары чек ара аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-23-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында төлөм системаларын өнүктүрүү боюнча IV регионалдык жолугушуу өттү. Ага Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеген делегация катышты. Жолугушууда тез төлөм

Ишкер Media
Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди

Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди

23–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн "АгроТехЭкспо – 2026" айыл чарба көргөзмөсүнө жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкесине 50 миңден ашуун адам келди. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы таратты. "Алтын күз" жарманкесине өлкөнүн 40 районунан 300гө жакын

Ишкер Media
Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Нарын облусунун Ат-Башы районунда таза суу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жай жүрүшүнө жана сапатына жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 27-октябрда Ат-Башы айылында өткөн жолугушууда тургундар казылган көчөлөрдүн калыбына келтирилбей жатканын, курулуш иштеринин жай жүрүшүн

Ишкер Media
Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Кыргызстанда балдарды бала бакчага жана мектепке каттоо, окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө, мугалимдерди жумушка алуу жана жеке мектептерди лицензиялоо кызматтары электрондук форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы санариптик кызматтарды бириктирген “Билим” порталы (bilim.gov.kg) түзүлгөн. Ага ылайык: * ата-энелер “Балалык” платформасы аркылуу балдарын бала

Ишкер Media