Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди
23–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн "АгроТехЭкспо – 2026" айыл чарба көргөзмөсүнө жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкесине 50 миңден ашуун адам келди. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
"Алтын күз" жарманкесине өлкөнүн 40 районунан 300гө жакын дыйкан-фермер жана 100гө жакын кайра иштетүүчү ишкана катышты. Алар өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрдү элге сунуштап, социалдык бааларда сатышты.
Билдирүүгө караганда, үч күндүн ичинде 29 тонна органикалык азык сатылды. Ошондой эле уйдун сөөктүү этинин килограммы 680 сомдон сатылып, эл жалпы 6 тонна эт сатып алды.

Көргөзмөгө 28 асыл тукум чарбасы катышты. Аянтка 12 баш жылкы, 35 баш ири мүйүздүү мал жана 106 баш кой-эчки алып келинди.
Малды көрүүчүлөргө ыңгайлуу көрсөтүү үчүн 52 атайын тосмо даярдалды.
Инновация, илим жана санариптештирүү көргөзмөсүндө дыйкандын санарип жардамчысы iDyikan платформасы тууралуу 700 адамга консультация берилип, 300 дыйкан-фермер тиркемеге катталды.
Ошондой эле айыл чарбасында метеорологиялык максаттарда, анын ичинде булуттарга реагенттерди чачуу (cloud seeding) аркылуу жасалма жаан-чачын чакыруу технологиясында колдонулган дрон, жайыт жерлеринин абалын жана деградация деңгээлин мониторингдөөчү мультиспектралдык дрон, ошондой эле жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга жана алардын абалын жакшыртуу чараларын пландаштырууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялар көрсөтүлдү.

Мындан сырткары суу өлчөмүн эсептеп бөлүштүрүүгө жардам берген жабдуулар, жасалма мөңгүлөрдү түзүү боюнча чечимдер, инвитро лабораторияда өстүрүлгөн өсүмдүктөр, малдын жана балыктын вирустук ооруларын аныктоочу каражаттар да коюлду.
Ал эми илим өкүлдөрү жайыттарды жакшыртуу, тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана малды жасалма уруктандыруу боюнча маалыматтар берилди.