Кытайлык «АФЕЙ Холдинг» Кыргызстанга 5 млн долларлык инвестиция салат - ооруканаларда диагностикалык борборлорду ачат

Кытайлык «АФЕЙ Холдинг» Кыргызстанга 5 млн долларлык инвестиция салат - ооруканаларда диагностикалык борборлорду ачат

Кытайлык «АФЕЙ Холдинг» ЖЧК Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун (МЖӨ) долбоорунун алкагында Кыргызстандын алты ооруканасына компьютердик-томографиялык диагностикалык борборлорду ачат. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттик билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында КРнын саламаттыкты сактоо мекемелерине компьютердик томографтарды орнотууга багытталган мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн долбоордук келишимине кол коюлду. Келишимге ылайык, өлкөнүн төмөндөгү чоң алты ооруканасына заманбап компьютердик томографиялык аппараттар орнотулган кабинеттер курулат: Өзгөн, Токтогул, Кадамжай, Балыкчы аймактык ооруканалары, №4 Клиникалык тез жардам ооруканасы жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык диагностикалык борбор.

МЖӨнүн жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн өткөргөн ачык конкурсунун негизинде инвестор катары кытайлык «АФЕЙ Холдинг» ЖЧК компаниясы тандалып алынды. Инвестициянын суммасы 5 млн АКШ долларынан ашат. Ишкана 18 айдын ичинде даярдык жана жабдууну орнотуу иштерин жүргүзөт.

МЖӨнүн келишимине ылайык, «АФЕЙ Холдинг» ЖЧК компаниясы өнөктөш катары 15 жыл бою өзүнүн жеке каржылык ресурстарынын эсебинен техникалык кызматтарды көрсөтүп, кыргызстандык дарыгерлер менен эриш-аркак иштей турган жогорку квалификациялуу дарыгер-диагносчуларды алып келип, окутууларды жүргүзүп жана өлкөнүн дарыгерлери менен Кытай дарыгерлеринин тажрыйба алмашуусуна шарттарды түзүп берип турат.

15 жылдан соң, келишимдин мөөнөтү бүткөн учурда жеке инвестор бардык объектилер менен жабдууларды КРнын мамлекеттин толук менчигине өткөрүп берет.


Эскерте кетсек, өткөн жылы 27-декабрда мурдагы Инвестиция боюнча агенттиктин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов AFEI Holding корпорациясынын төрагасы менен жолугушкан. Андагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында корпорация мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында муниципалдык ооруканалардын аймагында диагностикалык борбор ачууга кызыкдар экенин билдиришкен болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Азербайжан менен Кыргызстан туризм тармагында кызматташууга кызыкдар

Кыргызстан менен Азербайжан ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов менен Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын төрагасы Сахиб Мамедовдун жолугушусунда айтылды. Агенттиктен маалымдагандай, тараптар Кыргызстандагы санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка инвестиция тартуу

Ишкер Media
Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын борбордук банктары чек ара аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-23-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында төлөм системаларын өнүктүрүү боюнча IV регионалдык жолугушуу өттү. Ага Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеген делегация катышты. Жолугушууда тез төлөм

Ишкер Media
Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди

Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди

23–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн "АгроТехЭкспо – 2026" айыл чарба көргөзмөсүнө жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкесине 50 миңден ашуун адам келди. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы таратты. "Алтын күз" жарманкесине өлкөнүн 40 районунан 300гө жакын

Ишкер Media
Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Нарын облусунун Ат-Башы районунда таза суу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жай жүрүшүнө жана сапатына жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 27-октябрда Ат-Башы айылында өткөн жолугушууда тургундар казылган көчөлөрдүн калыбына келтирилбей жатканын, курулуш иштеринин жай жүрүшүн

Ишкер Media