Инвестициялык агенттик инвесторлордун мамлекеттик органдарга карата арыздарын кабыл алат

Инвестициялык агенттик инвесторлордун мамлекеттик органдарга карата арыздарын кабыл алат

Кыргызстанда инвесторлордун мамлекеттик органдарга карата нааразычылыгын жана аракетсиздигине даттанууларын кароо механизми киргизилүүдө. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, президентке караштуу Инвестициялар агенттиги инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча негизги мамлекеттик орган болуп аныкталып, башка мамлекеттик органдардын аракеттерине жана аракетсиздигине инвесторлордун даттанууларын кароо механизмин ишке киргизип жатат.

Бул тартипке ылайык, ар бир инвестор өзүнүн укуктарын коргоо үчүн инвестициялык агенттикке кайрыла алат, ал жерде анын даттануусу Инвесторлордун даттанууларынын реестрине киргизилип, дыкат каралат жана КРнын мамлекеттик жана муниципалдык органдары менен маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүлөт.

Инвесторлор менен алар нааразы болгон субъекттердин ортосундагы пикир келишпестиктерди аныктоо, жагдайларды чечүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү максатында агенттик инвесторлорго туруктуу негизде колдоо көрсөтмөкчү.

Аталган агенттик өлкө ичиндеги абийирдүү чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун ар тараптуу колдоорун жана аларды мындан ары ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

  • Арыз даттануулар mail@invest.gov.kg электрондук дарегине жазуу түрүндө кабыл алынат. Сурап ​​билүү телефону: +996 312 30 02 31

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүн, 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады. Шаардык мэриядан билдиришкендей, чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынган. Мэрия жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга

Ишкер Media
Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Индонезиянын креативдүү экономика министри жана Креативдүү экономика агенттигинин башчысы Теуку Риефки Харся менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жаатында эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу, ошондой эле дүйнөлүк рынокторго өз ара чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү айтылды.

Ишкер Media
Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ош шаарындагы Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган бардык жарандар турак жай менен камсыздалат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Ош көчөсүнө барып, турак жайлары бузулган тургундар менен жолугушту. Калаа башчысы бир дагы жаран турак жайсыз калбай турганын айтып, бузулган үйлөрдүн ордуна

Ишкер Media
Кыргызстан менен Россиянын  финансылык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Россиянын финансылык кызматташтыгы талкууланды

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков "Мульти Трансфер" эл аралык акча которуу системасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Соода-өнөр жай палатасынан кабарлады. Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда акча которууларды жеңилдетүү, ишкерлер үчүн эсептешүүлөрдү ыңгайлуу кылуу жана финансылык кызматтарды өнүктүрүү маселелерин

Ишкер Media