Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ош шаарындагы Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган бардык жарандар турак жай менен камсыздалат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Ош көчөсүнө барып, турак жайлары бузулган тургундар менен жолугушту.

Калаа башчысы бир дагы жаран турак жайсыз калбай турганын айтып, бузулган үйлөрдүн ордуна Эне-Сай жаңы конушунан үйлөр берилерин билдирди. Жакынкы күндөрү тургундарга 20 үй тапшырылат. Калган турак жайлар Ош көчөсүнүн жашоочуларына этап-этабы менен берилет.

Белгилей кетсек, капиталдык оңдоонун алкагында Ош көчөсүнүн Ж. Раимбеков көчөсүнөн Т. Касымбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү 4 тилкелүү болуп кеңейтилди. Жалпы узундугу 3 чакырымды түзгөн жолдун туурасы 24 метрге чейин жеткирилди.

Учурда көчөгө асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Буга чейин жер астындагы инженердик түтүктөр алмаштырылып, ирригациялык лотоктор жана тротуарлардын бордюрлары орнотулган.

Оңдоо иштери аяктагандан кийин аталган көчө Ош эл аралык аэропортуна баруучу кошумча жол катары пайдаланылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын борбордук банктары чек ара аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-23-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында төлөм системаларын өнүктүрүү боюнча IV регионалдык жолугушуу өттү. Ага Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеген делегация катышты. Жолугушууда тез төлөм

Ишкер Media
Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди

Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди

23–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн "АгроТехЭкспо – 2026" айыл чарба көргөзмөсүнө жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкесине 50 миңден ашуун адам келди. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы таратты. "Алтын күз" жарманкесине өлкөнүн 40 районунан 300гө жакын

Ишкер Media
Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Нарын облусунун Ат-Башы районунда таза суу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жай жүрүшүнө жана сапатына жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 27-октябрда Ат-Башы айылында өткөн жолугушууда тургундар казылган көчөлөрдүн калыбына келтирилбей жатканын, курулуш иштеринин жай жүрүшүн

Ишкер Media
Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Кыргызстанда балдарды бала бакчага жана мектепке каттоо, окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө, мугалимдерди жумушка алуу жана жеке мектептерди лицензиялоо кызматтары электрондук форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы санариптик кызматтарды бириктирген “Билим” порталы (bilim.gov.kg) түзүлгөн. Ага ылайык: * ата-энелер “Балалык” платформасы аркылуу балдарын бала

Ишкер Media