Новопокровкада балык тоюттарын чыгаруучу цех ачылды

Новопокровкада балык тоюттарын чыгаруучу цех ачылды

Новопокровкада кечээ, 27-октябрда балык үчүн аква тоют даярдоочу цех ачылды. Жабдуулар БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан берилгенин аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин дыйкандар сырттан келген кымбат тоюттарды же сапаты төмөн тоюттарды колдонууга аргасыз болуп келишкен. ФАО тоютту өндүрүү жана чарбаларда колдонуу жаатында заманбап технологияларды жана эл аралык мыкты тажрыйбаны киргизүү аркылуу КРдагы тоюттун сапатын жогорулатууда.

Цех негизги майдалоочу, экструдер, тоют кургатуу системасы, муздатуу системасы сыяктуу өндүрүштүк компоненттерди камтыйт. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу – саатына 500 кг тоют чыгарат. Долбоордун жалпы бюджети: 337 миң доллар. Жабдууларды сатып алууга жумшалган инвестиция – 130 миң долларды түзгөн.

Тендер өткөрүлгөндөн кийин, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында тоют цехин башкара турган жеке сектордон “Аква Сервис” компаниясы аныкталып, келишимге кол коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Индонезиянын креативдүү экономика министри жана Креативдүү экономика агенттигинин башчысы Теуку Риефки Харся менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жаатында эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу, ошондой эле дүйнөлүк рынокторго өз ара чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү айтылды.

Ишкер Media
Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ош шаарындагы Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган бардык жарандар турак жай менен камсыздалат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Ош көчөсүнө барып, турак жайлары бузулган тургундар менен жолугушту. Калаа башчысы бир дагы жаран турак жайсыз калбай турганын айтып, бузулган үйлөрдүн ордуна

Ишкер Media
Кыргызстан менен Россиянын  финансылык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Россиянын финансылык кызматташтыгы талкууланды

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков "Мульти Трансфер" эл аралык акча которуу системасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Соода-өнөр жай палатасынан кабарлады. Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда акча которууларды жеңилдетүү, ишкерлер үчүн эсептешүүлөрдү ыңгайлуу кылуу жана финансылык кызматтарды өнүктүрүү маселелерин

Ишкер Media
Бишкек мэриясында 44 материал боюнча иликтөө жүрүүдө

Бишкек мэриясында 44 материал боюнча иликтөө жүрүүдө

Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдарына жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине байланыштуу 44 материал боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде муниципалдык кызматтардын ишинин сапаты, кызматкерлердин жоопкерчилиги жана мыйзам бузууларга бөгөт коюу маселелери талкууланды. Кеңешмеде ишкерлердин бири муниципалдык администрациянын кызматкерине

Ишкер Media