Бишкек мэриясында 44 материал боюнча иликтөө жүрүүдө

Бишкек мэриясында 44 материал боюнча иликтөө жүрүүдө

Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдарына жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине байланыштуу 44 материал боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде муниципалдык кызматтардын ишинин сапаты, кызматкерлердин жоопкерчилиги жана мыйзам бузууларга бөгөт коюу маселелери талкууланды.

Кеңешмеде ишкерлердин бири муниципалдык администрациянын кызматкерине 5 миң сом которгону тууралуу маалымат да каралды. Мэр бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, тиешеси бар адамдарды аныктоону тапшырды. Ошондой эле акча алган кызматкерди жумуштан бошотуу маселесин кароо милдеттендирилди.

Мындан тышкары, жыйында жолдорду жана тротуарларды оңдоо, коомдук транспорттун акыркы аялдамаларынын жана балдар аянтчаларынын абалы талкууланды.

Мэр шаар тургундарын муниципалдык кызматкерлердин ишиндеги мыйзам бузуулар боюнча так жана документ менен тастыкталган маалыматтарды берүүгө чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди

Бишкекте өткөн айыл чарба көргөзмөсүнө 50 миңден ашуун адам келди

23–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн "АгроТехЭкспо – 2026" айыл чарба көргөзмөсүнө жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкесине 50 миңден ашуун адам келди. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы таратты. "Алтын күз" жарманкесине өлкөнүн 40 районунан 300гө жакын

Ишкер Media
Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Депутат Ат-Башыда 700 млн сомдук таза суу долбоору менен таанышты

Нарын облусунун Ат-Башы районунда таза суу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жай жүрүшүнө жана сапатына жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 27-октябрда Ат-Башы айылында өткөн жолугушууда тургундар казылган көчөлөрдүн калыбына келтирилбей жатканын, курулуш иштеринин жай жүрүшүн

Ишкер Media
Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө

Кыргызстанда балдарды бала бакчага жана мектепке каттоо, окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө, мугалимдерди жумушка алуу жана жеке мектептерди лицензиялоо кызматтары электрондук форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы санариптик кызматтарды бириктирген “Билим” порталы (bilim.gov.kg) түзүлгөн. Ага ылайык: * ата-энелер “Балалык” платформасы аркылуу балдарын бала

Ишкер Media
Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүн, 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады. Шаардык мэриядан билдиришкендей, чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынган. Мэрия жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга

Ишкер Media