Кыргыз компаниялары каражаттарын көбүрөөк чет элдик валютада кармай башташты

Кыргыз компаниялары каражаттарын көбүрөөк чет элдик валютада кармай башташты

Кыргызстандагы компаниялардын депозиттеринин жалпы көлөмү 149.8 млрд сомдон ашты. Жыл башынан бери өсүш 41.7 млрд сомду түзгөнү Улуттук банктын отчетунда айтылат.

Эң чоң өсүштү чет өлкөлүк валютадагы депозиттер көрсөттү – ал январь айында 47.6 млрд сом болсо, сентябрдын акырына карата 74.3 млрд сомго жеткен. Мында мөөнөттүү депозиттердин көлөмү эки эсеге көбөйүп, 2.5 млрд сомдон 4.7 млрд сомго жетти. Ишканалардын эсептериндеги чет өлкөлүк валютадагы каражаттардын суммасы дээрлик 65 млрд сомго жетти. Жыл башында эсептерде 40 млрд сом гана болгон.

Улуттук валютада депозиттердин көлөмү 14.9 млрд сомго гана өсүп, 75.4 млрд сомго жетти:

  • эсептешүү эсептери – 52 млрд сом
  • суроо-талапка чейинкиси – 5.3 млрд сом
  • мөөнөттүү депозиттер – 17.9 млрд.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Индонезиянын креативдүү экономика министри жана Креативдүү экономика агенттигинин башчысы Теуку Риефки Харся менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жаатында эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу, ошондой эле дүйнөлүк рынокторго өз ара чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү айтылды.

Ишкер Media
Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ош шаарындагы Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган бардык жарандар турак жай менен камсыздалат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Ош көчөсүнө барып, турак жайлары бузулган тургундар менен жолугушту. Калаа башчысы бир дагы жаран турак жайсыз калбай турганын айтып, бузулган үйлөрдүн ордуна

Ишкер Media
Кыргызстан менен Россиянын  финансылык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Россиянын финансылык кызматташтыгы талкууланды

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков "Мульти Трансфер" эл аралык акча которуу системасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Соода-өнөр жай палатасынан кабарлады. Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда акча которууларды жеңилдетүү, ишкерлер үчүн эсептешүүлөрдү ыңгайлуу кылуу жана финансылык кызматтарды өнүктүрүү маселелерин

Ишкер Media
Бишкек мэриясында 44 материал боюнча иликтөө жүрүүдө

Бишкек мэриясында 44 материал боюнча иликтөө жүрүүдө

Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдарына жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине байланыштуу 44 материал боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде муниципалдык кызматтардын ишинин сапаты, кызматкерлердин жоопкерчилиги жана мыйзам бузууларга бөгөт коюу маселелери талкууланды. Кеңешмеде ишкерлердин бири муниципалдык администрациянын кызматкерине

Ишкер Media