Микро-, кичи жана чакан бизнестерге пайызсыз кредиттер берилет - жол-жобосу

Микро-, кичи жана чакан бизнестерге пайызсыз кредиттер берилет - жол-жобосу

Финансы Министрлиги “Чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо” деген долбоордун алкагында, ишкерлерге пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү улантып жатканын билдирди.

Быйыл Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдөн кийин КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Микро-, кичи жана орто ишканаларга пайызсыз ыкчам колдоо” долбоорун каржылоо максатында 50 млн доллар өлчөмүндө келишимге кол коюлган.

Финансы министрлиги ишкерлерди мотивациялоо үчүн ылайыктуу чыгашалардын тизмеси кеңейтилгенин, кайтарылуучу финансылык жардамдын өлчөмдөрү жана шарттары көбөйтүлгөнүн кабарлады.

“Урматтуу ишкерлер, аталган кредиттер – айыл чарба, дыйканчылык, мал багуу жана балык уулоо менен алектенгендерге каралган эмес. Аталган ишкерликтерден тышкары, бардык бизнести өнүктүрүүчү ишканаларга пайызсыз кредит берилет”, – дейт министрлик.

Кредитти алуу жол-жобосу

Долбоорго катышуу үчүн талаптар:

  • КРнын салык мыйзамдарына ылайык, 6 айдан кем эмес иштеген, жылдык акча жүгүртүүсү 8 млн сом жана 30 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер алса болот.
  • Салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу же алар боюнча карыздын жоктугу, ошондой эле банкка кайрылуу датасына кредиттик бюронун маалыматын эске алуу керек.

Аталган кредитти алуу үчүн төмөндөгү өнөктөш банктарга кайрылуу керек:

  • «Айыл Банк»
  • «Керемет Банк»
  • «РСК Банк»
  • «Банк Азии»
  • «ФинансКредит Банк»
  • «КБ Кыргызстан»
  • «Капитал Банк Центральной Азии»
  • «Халык Банк Кыргызстан»
  • «Дос-Кредобанк»
  • «Кыргызкоммерцбанк»
  • «Бакай Банк»
  • «Кыргыз-Швейцар Банкы»

Байланышуу: Телефон: (312) 66-60-01, E-mail: office@piu.kg, a.akmatov@piu.kg.

Категориялар боюнча максималдуу суммалар 1 млн сом жана 3 млн сом чегинде 36 айга чейинки мөөнөткө аныкталат.

Учурда 1 млрд сомдон ашык каражат которулуп, 3 миңге жакын ишкер жалпысынан 900 млн сомдон ашык каржы алышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштады

Бишкекте бүгүн, 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады. Шаардык мэриядан билдиришкендей, чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынган. Мэрия жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга

Ишкер Media
Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

Кыргызстан - Индонезия креативдүү экономика тармагы тууралуу сүйлөштү

КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Индонезиянын креативдүү экономика министри жана Креативдүү экономика агенттигинин башчысы Теуку Риефки Харся менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жаатында эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу, ошондой эле дүйнөлүк рынокторго өз ара чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү айтылды.

Ишкер Media
Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ошто көчөнү оңдоо үчүн үйлөрү бузулган тургундарга жаңы үй берилет

Ош шаарындагы Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган бардык жарандар турак жай менен камсыздалат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Ош көчөсүнө барып, турак жайлары бузулган тургундар менен жолугушту. Калаа башчысы бир дагы жаран турак жайсыз калбай турганын айтып, бузулган үйлөрдүн ордуна

Ишкер Media
Кыргызстан менен Россиянын  финансылык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Россиянын финансылык кызматташтыгы талкууланды

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков "Мульти Трансфер" эл аралык акча которуу системасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Соода-өнөр жай палатасынан кабарлады. Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда акча которууларды жеңилдетүү, ишкерлер үчүн эсептешүүлөрдү ыңгайлуу кылуу жана финансылык кызматтарды өнүктүрүү маселелерин

Ишкер Media