Депутаттар Кара-Балта спирт заводунун ишмердүүлүгү менен таанышышты

Депутаттар Кара-Балта спирт заводунун ишмердүүлүгү менен таанышышты

Жогорку Кеңештин депутаттары «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты. Бул тууралуу парламент кабарлады.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев алкоголдук ичимдиктердин баасын арзандатуу, административдик жана башка чыгымдарды, өлкөнүн керектөөлөрү тууралуу маселелерди көтөрдү.

Ал эми эл өкүлү Султанбай Айжигитов өндүрүштүк кубаттуулукту жана суроо-талапты кеңейтүүгө токтолду. Буга ишкананын өкүлдөрү өндүрүштүк кубаттуулукту этап-этабы менен кеңейтүү пландалып жатканын айтып, алкоголдун наркына электр энергиясына, жаратылыш газына болгон тарифтер, чийки заттын баасы жана башка факторлор таасир этээрин кошумчалашты. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди Россияга экспорттоо маселеси каралып жатканын белгилешти.

Муну менен катар депутат Айсаракан Абдибаева ишкананын ишин жандантуу жана киреше алуу маселесин тактады. Ишкананын директору Кара-Балта спирт заводунун өндүрүш процесси 7 жыл токтоп, 2022-жылдын сентябрь айында кайра жанданганын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу