Салыкчылар бизнес менен ЕАЭБ алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты

Салыкчылар бизнес менен ЕАЭБ алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты

Салык кызматы ЕАЭБ күнүнө караштуу өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү жана ишкерлер менен тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ЕАЭБ алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулап, өз пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

«ЕАЭБ өлкөлөрү менен кол коюлган макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ишин жеңилдетүүгө жана товарлардын эркин жүгүртүлүшү үчүн тоскоолдуктарды жоюуга багытталган», – деп белгиледи Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов.

Жыйынтыгында бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жүк ташуучулардын, анын ичинде транзиттик жүктөрдүн чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктардын жоюлушуна жана ЕАЭБ алкагындагы электрондук навигациялык пломбаларды киргизүү менен контролдук-текшерип кароо иш-чараларынын кыскарышына үмүт артышты. Бул товарларды ташууну кыйла жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media