Чаткалда кен казуучу ишкананын калдыктары Кара-Касмак суусуна жакындап кеткен

Чаткалда кен казуучу ишкананын калдыктары Кара-Касмак суусуна жакындап кеткен

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Чаткал районунун Жамгыр участкасында ишмердик жүргүзүп жаткан «Вертекс Голд Компани» жана «Глобал Жамгыр Майнинг» ЖЧКларына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, текшерүү жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда арызда көрсөтүлгөндөй, «Вертекс Голд Компани» ЖЧКсы тарабынан алтын казуудан калган калдыктар Кара-Касмак суусуна жакындап баратканы аныкталды. Аталган ишканага жер жана суу мыйзамдарын бузуу боюнча талаптарды  четтетүү боюнча 3 пункттан турган жазма буйрук берилди.

Ал эми «Глобал Жамгыр Майнинг» ЖЧКсын текшерүүдө Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде жер аянты бөлүнүп берилген. Бул боюнча жыл сайын берилип туруучу №2 ТП (Жерлерди рекультивациялоо жана аларды пайдаланууга кабыл алуу тартиби) отчету берилген эмес. Аталган ишканага да жер жана суу мыйзамдарын бузууга жол бербөө боюнча 4 пункттан турган жазма буйрук берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш эрежелерин бузган дарыкана, кафенин ээлерине чара көрүлдү

Курулуш эрежелерин бузган дарыкана, кафенин ээлерине чара көрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан курулуш мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүп келет. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө айрым объекттерде архитектуралык-долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштерин жүргүзүү, ошондой эле объекттердин функционалдык

Бишкектеги Исанов көчөсүнүн айрым тилкелери жабылат

Бишкектеги Исанов көчөсүнүн айрым тилкелери жабылат

Бишкек шаарында Исанов көчөсүндө канализация тармагын куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 30-июндан тартып Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн 10 күнгө толугу менен жабылат. Аталган тилкедеги иштер аяктагандан кийин курулуш иштери этап-этабы менен улантылып, Исанов көчөсүнүн

КЫРГЫЗ ТУР 2026 Бишкектеги финалы: сүйүктүү ырчылар, жандуу атмосфера жана BAKAI'дан акысыз билеттер

КЫРГЫЗ ТУР 2026 Бишкектеги финалы: сүйүктүү ырчылар, жандуу атмосфера жана BAKAI'дан акысыз билеттер

Кыргызстандагы 2026-жылдын эң ири музыкалык долбоорлорунун бири болгон КЫРГЫЗ ТУРдун финалдык концерти 2026-жылдын 30-июнунда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтөт. Тур Баткенден башталып, Ош, Манас, Талас, Нарын жана Каракол шаарларын кыдырып, жыйынтыктоочу концерт ордо калаада өтөт. Финалдык концертке дагы көп көрүүчү катыша алышы үчүн BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылга карата электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүү квотасы аяктап жаткандыгын маалымдады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында калган квотанын санын реалдуу убакыт режиминде көрсөтүп турган онлайн-эсептегич ишке киргизилген. Андагы маалыматтар жеңилдикти колдонуу менен электромобилдерди бажылык тариздөөдөн өткөрүү