Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылга карата электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүү квотасы аяктап жаткандыгын маалымдады.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында калган квотанын санын реалдуу убакыт режиминде көрсөтүп турган онлайн-эсептегич ишке киргизилген. Андагы маалыматтар жеңилдикти колдонуу менен электромобилдерди бажылык тариздөөдөн өткөрүү учурунда автоматтык түрдө жаңыланып турат.

Билдирүүгө караганда, квота толугу менен аяктагандан кийин электромобилдерди ташып кирүүдө Евразия Экономикалык Бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифи боюнча бажы наркынан 15 % өлчөмүндө ташылып келүүчү бажы алымы алына баштайт.

 Электромобилдерди ташып кирүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну жана, Мамлекеттик бажы кызматынын сайытынан квотанын калдыгын көзөмөлдөп туруу сунушталууда.


2026-жылга карата ЕАЭБ ТЭИ ТН (Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн бирдиктүү товардык номенклатурасы) 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коддору менен классификацияланган, алып кирүү бажы алымын төлөө боюнча жеңилдик колдонулуучу электр кыймылдаткычы бар моторлуу транспорт каражаттарынын 15 000 даана өлчөмүндө кирүүсүнө квота белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Тогуз-Торо районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 43,4 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, райондо транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор каралууда. Атап айтканда, Казарман айылында болжолдуу

Ишкер Media
Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда аянты 14 469 чарчы метр болгон жаңы автобекет салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 395 млн сомду түзөт. Иштер 2025-жылдын январында башталган. Автобекет 2 кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр

Ишкер Media
Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон

Ишкер Media
Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Чүй башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз курулушту аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдалануу үчүн кампа долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы белгилүү болгон. Жыйынтыгында жооптуу "ЭкстраВент" ЖЧКсына акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу

Ишкер Media