Баткенде жапон технологиясы менен 42 продукция чыгарууга JICA жардам берет

Баткенде жапон технологиясы менен 42 продукция чыгарууга JICA жардам берет

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Япониянын JICA агенттигинин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар алдыда экономика, айыл чарба, социалдык тармактарда кызматташууну улантуу боюнча, жакынкы мезгилдерде ишке ашырылуучу иш чаралар планын талкуулашты.

JICA агенттигинин «Бир айыл бир продукт» долбоорунун алкагында 2023-жыл ичинде 42 продукция чыгаруу пландаштырылды. Бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш.

Азыркы учурда Баткен облусунда «Бир айыл-бир продукт»  долбоорунун 24 өндүрүүчүсү бар жана алар продукциянын 44 түрүн өндүрүп, сатыкка чыгарышты. Алар: кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, сиробу, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад, токочтор ж б.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

16-18-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы төмөнкү басымдагы жер астындагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. "Бишкекгаз" кызматынын маалыматына ылайык, газ берүү ЧЧК, КЧК, Коммунаров, Жаз, Алтын-Бешик, Мыскал, Мидин, Насыйкат, Хмельницкий, Новосельская, Аул жана Широкий көчөлөрүндө убактылуу токтотулат. "Бишкекгаз&

Мамлекеттик облигацияларды MegaPay аркылуу сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Мамлекеттик облигацияларды MegaPay аркылуу сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Финансы министрлиги Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин негизинде калк үчүн мамлекеттик казына облигацияларынын пилоттук чыгарылышын ишке киргизет. Ведомствонун малыматына ылайык, долбоордун алкагында баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана алардын жүгүртүлүшү боюнча сооданы Кыргыз фондулук биржасы уюштурат. Негизги максат — мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана өлкөдө инвестициялык маданиятты

Баткенде 5 млн сомдон ашык алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Баткенде 5 млн сомдон ашык алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Баткен облусунда автоунааларды сатып алуу-сатуудагы алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 27 жаштагы жаран милицияга кайрылып, таанышы беш автоунааны сатууга жардам берүү шылтоосу менен алып кеткенин билдирген. Мындан тышкары, шектүү бизнес ачуу үчүн деп жабырлануучудан 3 млн 510 миң сом алып, аны

Алтынбек Рысбеков энергетика министри болуп дайындалды

Алтынбек Рысбеков энергетика министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алтынбек Дурусбекович Рысбеков Кыргыз Республикасынын энергетика министри болуп дайындалды. Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Алтынбек Рысбеков мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 71-беренесине ылайык энергетика министри кызматына дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол