«Кепилдик фонду» нарындык ишкерлерге жардамын жогорулатат

«Кепилдик фонду» нарындык ишкерлерге жардамын жогорулатат

Президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү менен «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгы кызматташуу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат борбору кабарлады.

Ошондой эле «Кепилдик фонду» Нарын облусунун «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунун ортосунда дагы келишим түзүлдү.

Келишимдердин алкагында Нарын облусунун экономикасын алдыга жылдыруу, инвестициялык долбоорлорго финансылык кепилдик берүүнү кеңейтүү, ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча кызматташуулар жакшыртылат.

Эске салсак, «Кепилдик фонду» тарабынан 2016-жылдан бери Нарын облусу боюнча 800 жеке ишкерге банктардан насыя алуу үчүн 331 млн сом кепилдик каражаты берилген. Анын негизинде ишкерлер банктардан 800 млн сомдон ашык каражат ала алышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарын аймагында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Кара-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 45 чакырым түштүк-батышта жана Нарын шаарынан 86 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында 2,5 баллга

Таласта курулуп жаткан объекттилер текшерилди

Таласта курулуп жаткан объекттилер текшерилди

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Талас облусунда жүрүп жаткан курулуш иштерин текшерди. Эрмат Жумаев облус кире беришиндеги арканын оңдоп-түзөлүшү, респойнттун курулушу, ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Талас районунун Шумкар-Уя

Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктары тазаланууда

Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктары тазаланууда

Учурда Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука унаа жолунда сел калдыктарынан тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен аталган унаа жолдун 45–46-чакырым аралыгында сел жүргөн. Кырдаалга байланыштуу тиешелүү жол тейлөө кызматтары ыкчам аракеттерди көрүп, аймакка

Ак-Таш жайлоосунда жайытты тепселегендерге айып пул салынды

Ак-Таш жайлоосунда жайытты тепселегендерге айып пул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Аламүдүн Райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейд жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаа жана эндуро мотоциклдери менен жайыт жерлерге кирип, чөп катмарын тепселеп, жаратылышка зыян келтирген жарандар аныкталды. Аталган фактылар