Тамчынын аэропортуна Оштон биринчи туристтик рейс учуп келди

Тамчынын аэропортуна Оштон биринчи туристтик рейс учуп келди

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилиндеги Оштон биринчи авиакаттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» аэропорту билдирди.

Такталгандай, 2023-жылдын 30-июнунда Tez Jet авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти.  

Каттамдар жумасына 6 жолу - шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар 31-августка чейин каттайт.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолуна жол тейлөө пункттары курулууда

Түндүк – Түштүк жолуна жол тейлөө пункттары курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Түндүк –Түштүк жолундагы трассанын үч тилкесинде заманбап жол тейлөө базалары курулууда. Учурда Кызарт белиндеги жол тейлөө базасынын дубалдары тургузулуп, объект таза суу жана интернет байланышы менен камсыздалды. Бул жерде кызматкерлердин үзгүлтүксүз иш алып баруусу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын

Улуттук банк валюта рыногунун бир нече оюнчусуна карата чара колдонду

Улуттук банк валюта рыногунун бир нече оюнчусуна карата чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы «Алим Финанс Групп» алмашуу бюросу ЖЧКсынын лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту. Мындан тышкары, Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүп жүргөн төрт жаранга (А.Т.К., Д.у.

Ак-Суу районунун акиминин мурдагы орун басары кармалды

Ак-Суу районунун акиминин мурдагы орун басары кармалды

УКМК тарабынан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында кум-шагыл аралашмасын жана кумдуу чопону казып алууга күбөлүктөрдү берүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди. Маалыматка таянсак, айрым кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. Аталган күбөлүктөрдүн негизинде жер казынасын пайдаланууга уруксат

Отуз-Адыр: калкты таза суу менен камсыздоого 541,7 млн сом жумшалды

Отуз-Адыр: калкты таза суу менен камсыздоого 541,7 млн сом жумшалды

"Отуз-Адыр" чакан долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы 12 айылдын тургундарын таза суу менен камсыздоо иштери соңуна чыгып калды. Долбоор Министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылып жатат. АРИСтин "Айылдык суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун координатору Корчубай уулу