Отуз-Адыр: калкты таза суу менен камсыздоого 541,7 млн сом жумшалды

Отуз-Адыр: калкты таза суу менен камсыздоого 541,7 млн сом жумшалды

"Отуз-Адыр" чакан долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы 12 айылдын тургундарын таза суу менен камсыздоо иштери соңуна чыгып калды. Долбоор Министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылып жатат.

АРИСтин "Айылдык суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун координатору Эрлан Корчубай уулунун айтымында, долбоор 2016-жылы башталган. Анын алкагында Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарындагы жалпысынан 95 айыл таза суу менен камсыздалат.

"Отуз-Адыр" чакан долбоору 12 айылды камтыйт. Курулуш иштери 2025-жылы башталып, 18 айга пландалган. Бүгүнкү күндө иштер дээрлик аяктап калды. Жалпы баасы 541,7 миллион сомду түзөт. Долбоордун негизинде жалпы узундугу 150 чакырымды түзгөн суу түтүктөрү тартылып, 10 резервуар жана 2 суу мунарасы курулду", — деди ал.

Долбоордун негизги өзгөчөлүгү — суу дренаждык булактан алынып, атайын суу алуучу жай аркылуу резервуарларга жеткирилет. Андан соң таза суу айылдардагы үйлөргө бөлүштүрүлөт.

Мындан тышкары социалдык объектилердеги санитардык шарттарды жакшыртуу иштери да жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, мектептерде, фельдшердик-акушердик пункттарда жана бала бакчаларда санитардык түйүндөр жаңыланып, окуучулар жана жаш балдар үчүн санитардык-гигиеналык сабактар уюштурулган.

Долбоордун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суунун тарифи иштелип чыккан. Учурда суунун алдын ала эсептелген тарифи 61 сомду түзүп, бул маселе боюнча калк арасында түшүндүрүү жана макулдашуу иштери жүрүп жатат. Тариф айылдык кеңеш жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.

Ошондой эле жаңы түзүлгөн муниципалдык ишкана келечекте суу менен камсыздоо тутумун тейлейт. Аны колдоо максатында экскаватор, ассенизатордук унаа, ширетүүчү аппарат жана башка техникалык жабдуулар берилген.

Долбоордун координаторунун белгилешинче, буга чейин Отуз-Адыр айылында эски суу тутуму жарым-жартылай гана иштеп, айрым айылдарда борборлоштурулган суу таптакыр болгон эмес. Тургундар ичүүчү сууну башка айылдардан ташып келүүгө аргасыз болушкан.

Учурда эки даана 500 куб метрлик жана бир 300 куб метрлик жаңы резервуар курулуп бүткөн. Жалпы көлөмү 1300 куб метрди түзгөн башкы резервуар дагы пайдаланууга даяр.

"18-июнда техникалык ачылыш өткөрүлүп, суу системага кое берилди. Ал эми 30-июнга чейин бардык тургундар таза сууну пайдалана баштайт", — деди Эрлан Корчубай уулу.

Жалпысынан долбоордун жыйынтыгында 25 миңге жакын тургун сапаттуу жана таза ичүүчү суу менен камсыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте жеке автоунааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен график боюнча жана дем алыш күндөрү жүрүүгө уруксат берилет. Тиешелүү чечим мэрдин орун басары Рамиз Алиев төрагалык кылган Жолдор боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Улуттук банк өлкөнүн эресеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулугу боюнча үчүнчү улуттук изилдөөнү аяктады. Жыйынтык мекеменин сайтына жарыяланды. 2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, калктын финансылык сабаттуулугунун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4 пайызга өсүп, 20 баллдан 11,8 баллды түздү. Улуттук банк белгилегендей, бул көрсөткүч 2023-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү

Баткенде 164 млн сомдук мектеп курулду

Баткенде 164 млн сомдук мектеп курулду

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, объекттин жалпы наркы 164 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда жаңы

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мындай сунуш Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилүүдө. Долбоорго ылайык, маркумдун сөөгүн мыйзамда белгиленген тартипте көмүү үчүн жер тилкеси берилбестен, көрүстөнгө же мүрзөнүн жанына өз алдынча көмүү, ошондой эле жабык көрүстөнгө көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү