Улуттук банк валюта рыногунун бир нече оюнчусуна карата чара колдонду

Улуттук банк валюта рыногунун бир нече оюнчусуна карата чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы «Алим Финанс Групп» алмашуу бюросу ЖЧКсынын лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүп жүргөн төрт жаранга (А.Т.К., Д.у.К., И.У.Ж. жана С.А.О.) ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул салынды.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 8-июнуна карата өлкөдө лицензиянын негизинде иш алып барган 887 алмашуу бюросу бар. Чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө ушул расмий лицензияланган алмашуу бюролору гана укуктуу.

Андыктан борбордук банк жарандарды валюта алмаштырууда лицензиясы бар расмий алмашуу жайларынын кызматынан пайдаланууга чакырып, мыйзамсыз валюта алмаштыруу ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчилик караларын эскертүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда