«Цзы-Цзинь» корпорациясы Алтынкенге кошумча инвестиция тартуу пландары бар

«Цзы-Цзинь» корпорациясы Алтынкенге кошумча инвестиция тартуу пландары бар

«Цзы-Цзинь» тоо-кен корпорациясы өндүрүштү кеңейтүү үчүн «Алтынкен» ЖЧКсына кошумча инвестиция тартуу пландары бар. Бул тууралуу ишкананын вице-президенти Ван Чун экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов менен жолугушуу учурунда айтып берди.

Министрдин орун басары акыркы жылдары эки өлкөнүн өнөр жай тармагында кызматташууну жигердүү өнүктүрүүгө кызыгуу артып жатканын белгиледи. Кытай тоо-кен тармагында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин эске алганда, кыргыз тарап үчүн бул өзгөчө мааниге ээ.

Кыргызстан түзүлгөн соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Инвестициялык кооперацияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын ичинен ал кайра иштетүү өнөр жайын, анын ичинде тоо-кен тармагын өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолуна жол тейлөө пункттары курулууда

Түндүк – Түштүк жолуна жол тейлөө пункттары курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Түндүк –Түштүк жолундагы трассанын үч тилкесинде заманбап жол тейлөө базалары курулууда. Учурда Кызарт белиндеги жол тейлөө базасынын дубалдары тургузулуп, объект таза суу жана интернет байланышы менен камсыздалды. Бул жерде кызматкерлердин үзгүлтүксүз иш алып баруусу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын

Улуттук банк валюта рыногунун бир нече оюнчусуна карата чара колдонду

Улуттук банк валюта рыногунун бир нече оюнчусуна карата чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы «Алим Финанс Групп» алмашуу бюросу ЖЧКсынын лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту. Мындан тышкары, Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүп жүргөн төрт жаранга (А.Т.К., Д.у.

Ак-Суу районунун акиминин мурдагы орун басары кармалды

Ак-Суу районунун акиминин мурдагы орун басары кармалды

УКМК тарабынан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында кум-шагыл аралашмасын жана кумдуу чопону казып алууга күбөлүктөрдү берүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди. Маалыматка таянсак, айрым кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. Аталган күбөлүктөрдүн негизинде жер казынасын пайдаланууга уруксат

Отуз-Адыр: калкты таза суу менен камсыздоого 541,7 млн сом жумшалды

Отуз-Адыр: калкты таза суу менен камсыздоого 541,7 млн сом жумшалды

"Отуз-Адыр" чакан долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы 12 айылдын тургундарын таза суу менен камсыздоо иштери соңуна чыгып калды. Долбоор Министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылып жатат. АРИСтин "Айылдык суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун координатору Корчубай уулу