Борбор калаада «Шашлычная №1» кафеси демонтаждалды

Борбор калаада «Шашлычная №1» кафеси демонтаждалды

Ижара келишиминин токтотулушуна байланыштуу борбор калаада Тыналиев көчөсүнүн №2/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 16 000 чарчы метрди түзгөн «Шашлычная №1» кафеси буздурулууда.

Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Мекеменин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин менчик ээлери объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо милдетин алышты.

Белгилей кетсек, жер тилкелерин ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен «Шашлычная №1» кафесинин ээлерине ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган.

Аталган объектти курууда көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, райондун тургундарынын мекеменин ишмердүүлүгүнө карата даттануулары, чыр-чатактуу кырдаалдар орун алган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы "Акылман" лицейинин ачылышына катышты. Ошондой эле онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчысы лицейдин ачылышында билимдүү, мекенчил жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги күчү экенин белгилеп, окуучуларды заманбап билим

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор министрлик тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле оорукананын жанына

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында айыл чарба продукциясын өндүргөн жана кайра иштеткен ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарындагы "Оберон" ишканасында жашылча-жемиштерди сактоого арналган 12