Активдерди легалдаштыруу: киреше 100 млн сомдон ашса, салык төлөөгө туура келет

Активдерди легалдаштыруу: киреше 100 млн сомдон ашса, салык төлөөгө туура келет

Эгерде жаран мүлкүн легалдаштырууда өзүнүн мүлкүнүн жана наркы 100 млн сомдон ашса, анда салык төлөнүшү керек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.

Анын айтымында, бул учурда пошлинанын суммасы 1 млн сомду түзөт. Ошол эле учурда декларацияны тапшырууда адамдан мүлктү сатып алуу же тескөө булактары суралбайт. Ал ошондой эле салык төлөөгө милдеттүү эмес.

«Биз легалдаштыргандан кийин укук коргоо же башка мамлекеттик органдар декларантты жоопко тартпашына мүмкүн болушунча анонимдүүлүккө жана коопсуздукка кепилдик беребиз. Мына ушундан улам эски декларациялар жок кылынууда. Мыйзамда декларанттар эмес, алар тууралуу маалымат тараткандар үчүн жоопкерчилик каралган», - деп баса белгиледи Үсөнбекова.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз берилген 7 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз берилген 7 гектар жер мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан токой фондуна жана жайыт жерлерине кирген жалпы аянты 7 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгында Ат-Башы районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер тилкелерин жеке менчикке берүү жөнүндө кабыл алынган чечимдер жана жер

Филармониянын мурдагы жетекчиси кармалды

Филармониянын мурдагы жетекчиси кармалды

Жалал-Абад облусундагы Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармонияда мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. УКМКнын маалыматына караганда, жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 2 миллион 795 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган. Аталган факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин алкагында филармониянын мурдагы

18-22-июнь аралыгында өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн

18-22-июнь аралыгында өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүндөн баштап 22-июнга чейин күндүн катуу ысып жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканына байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. «Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт», – деп кошумчалады министрликтен. Эске салсак, быйыл республиканын аймагында жаан-чачын көп болуп, сел

Кыргызстанда заманбап “Карантиндик аймак” борбору курулат

Кыргызстанда заманбап “Карантиндик аймак” борбору курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу  Сауд өнүктүрүү фондунун делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабия падышачылыгынын ортосундагы гранттык макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жаткан карантиндик аймакты куруу жана жабдуу