Филармониянын мурдагы жетекчиси кармалды

Филармониянын мурдагы жетекчиси кармалды

Жалал-Абад облусундагы Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармонияда мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулар аныкталды.

УКМКнын маалыматына караганда, жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 2 миллион 795 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин алкагында филармониянын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу, мекеменин мурдагы башкы бухгалтери жана сатып алууларга катышкан жеткирүүчү кармалды.

Кармалган үч жаран тең УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө уланып, аныкталган мыйзам бузууларга тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды