Нарында кирпич заводу курулат

Нарында кирпич заводу курулат

Нарын районунун администрациясы «Нарын кирпич заводу» менен кирпич завод куруу боюнча эки тараптуу келишим түзүлдү. Бул тууралуу райондун жетекчилиги кабарлады.

Кирпич заводдун жалпы инвестициялык суммасы 20 млн сом, завод ишке кирсе күнүнө болжол менен 20-25 миңге чейин бышкан кирпич чыгарылат.

Завод Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу участокто бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери сентябрь айында бүткөрүлүп, 60 адам иш орду менен камсыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

“Үй сатылат”: такталар үчүн бирдиктүү үлгү даярдалды

“Үй сатылат”: такталар үчүн бирдиктүү үлгү даярдалды

Бишкекте жеке турак жайларды сатуу боюнча жарыя такталары үчүн бирдиктүү дизайн иштелип чыкты. Бул тууралуу Шаар куруу жана архитектура департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы эскиздик долбоор шаардагы визуалдык тартипти камсыз кылуу жана бирдиктүү архитектуралык стилди калыптандыруу максатында даярдалган. Долбоор колдонуудагы дизайн-коддун талаптарына ылайык иштелип чыгып, шаар аймагында бирдиктүү үлгү

Баалуу кагаздарды онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Баалуу кагаздарды онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Президент Садыр Жапаров баалуу кагаздар тууралуу социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады. Министрлер Кабинети калк үчүн жылдык 17% киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды. Эми ар бир жаран аларды мобилдик тиркеме аркылуу сатып ала алышат. Тагыраак айтканда, ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде оңой эле

Агротехнопаркка 27,2 млн сомдук жабдуулар тапшырылды

Агротехнопаркка 27,2 млн сомдук жабдуулар тапшырылды

17-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде маалыматтарды сактоочу жана иштетүүчү жабдууларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага министрдин орун басары Рустам Балтабаев катышты. Жабдуулар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү»

“Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кармалды

“Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кармалды

УКМКнын кызматкерлери тарабынан “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 15-июнда иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын ЖЭБине жеткирилген көмүрдүн сапаты боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жасалма түрдө тариздөө жана алардын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн олуттуу жогорулатуу схемасын уюштуруу фактылары