Агротехнопаркка 27,2 млн сомдук жабдуулар тапшырылды

Агротехнопаркка 27,2 млн сомдук жабдуулар тапшырылды

17-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде маалыматтарды сактоочу жана иштетүүчү жабдууларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрдин орун басары Рустам Балтабаев катышты. Жабдуулар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Агротехнопаркка берилди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жабдуулардын жалпы наркы 27 млн 223 миң 300 сомду түзөт. Алар маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүүгө жана Агротехнопарктын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө пайдаланылат.

Министрлик бул демилге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, фермерлерди колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media
Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат. Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча: • Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн

Ишкер Media