“Үй сатылат”: такталар үчүн бирдиктүү үлгү даярдалды

“Үй сатылат”: такталар үчүн бирдиктүү үлгү даярдалды

Бишкекте жеке турак жайларды сатуу боюнча жарыя такталары үчүн бирдиктүү дизайн иштелип чыкты. Бул тууралуу Шаар куруу жана архитектура департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы эскиздик долбоор шаардагы визуалдык тартипти камсыз кылуу жана бирдиктүү архитектуралык стилди калыптандыруу максатында даярдалган. Долбоор колдонуудагы дизайн-коддун талаптарына ылайык иштелип чыгып, шаар аймагында бирдиктүү үлгү катары киргизүү сунушталууда.

Жаңы талаптар жеке турак жай курулуш объектилерине гана тиешелүү болот. Ага ылайык, “Үй сатылат” деген маалыматтык тактанын стандарттык өлчөмү 700х400 миллиметр болуп, аны акрил материалынан даярдоо сунушталат.

Такта кочкул көк түстө, ал эми жазуулар ак түстө болушу каралган. Негизги бөлүгүндө “ҮЙ САТЫЛАТ” деген жазуу жайгаштырылып, төмөн жагында байланыш телефону жана кыскача маалымат көрсөтүлөт. Зарыл учурда орус тилиндеги “ПРОДАЕТСЯ ДОМ” деген жазууну кошууга уруксат берилет.

Ошондой эле такталарды үйдүн фасадына же тосмосуна, жакшы көрүнгөн жерге жана жерден 1,5–2,5 метр бийиктикке орнотуу сунушталган.

Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, “Жаңы үлгүдөгү маалыматтык такталар” аттуу эскиздик долбоор жакынкы убакта тиешелүү шаардык кызматтардын кароосуна жөнөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media
Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат. Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча: • Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн

Ишкер Media