Баалуу кагаздарды онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Баалуу кагаздарды онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Президент Садыр Жапаров баалуу кагаздар тууралуу социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.

Министрлер Кабинети калк үчүн жылдык 17% киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды. Эми ар бир жаран аларды мобилдик тиркеме аркылуу сатып ала алышат. Тагыраак айтканда, ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде оңой эле сатып ала алат. 

Жалпак тил менен айтканда, финансылык мекемелерге барып, убакыт коротпой эле, ар кандай документтерди толтуруп убара болбой эле инвестиция жасай алат. 
Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17% өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда квартал сайын төлөнүп берилет.

Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору турат. Жакын арада мамлекеттик баалуу кагаздардын кайра сатуу функциясы иштелип чыгат.

Кыргызстандын мамлекеттик баалуу кагаздарына мамлекет тарабынан кепилдик берилгендиктен эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media