«Жаңырейшн аймак» долбоорунан каржылык колдоо алган Жунусбек Каразаков туристтик кызматтарын кеңейтүүдө

«Жаңырейшн аймак» долбоорунан каржылык колдоо алган  Жунусбек Каразаков туристтик кызматтарын кеңейтүүдө

Балалык кыялынан туристтик борборлорго чейин жеткирген Жунусбек Каразаковдун бизнеси учурда туристтерге түрдүү кызматтарды көрсөтүп келет. Ошондой эле ал Баткендеги туризмди өнүктүрүү сынактан өтүп, «Жаңырейшн аймак» аркылуу грант утуп алган.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

— Менин атым Каразаков Жунусбек Абдирашитович, мен "Борбордук Азия Турлары" ЖЧКнын негиздөөчүсүмүн. Бул Каравшин капчыгайында глемпинг лагерь. Баткен шаарынан болом, 42 жаштамын, төрт баланын атасымын.

— Ишиңизди кайсы жылы кантип баштап калдыңыз? Мунун баары кантип башталды?

— Мунун баары балалыгымдагы кыялдарымдан башталды. Себеби мен 1988- жылы Каравшин жайлоосуна таятам таенем менен барганмын. Ошол жылы Каравшин капчыгайында биринчи жолу СССР мамлекеттерин альпинизм боюнча альпиниядасы өтүп жаткан экен. Ошондо биринчи жолу рюкзак көтөргөн туристтерди көрүп, менин жашоом ушулардыкы сыктуу болот деп кыялданган болчум. 1999-жылы "Манас" Университетинде Альпинизм боюнча кружок ачылган, ошол кружокто катышып жүрүп, туризм  тууралуу көп маалымат алдым.  2007-жылы баштаганмын, 2016-жылдан бери активтүү иштеп жатам. Ар жыл туристтер ар түрдүү.  2021-жылы туристтердин саны 107 болгон. Быйыл болсо 200 кишиге чамалап калды.

Биздин кызматтар:

  • Каравшин, Аксу капчыгайындагы базалык лагерлер
  • Треккинг турлар
  • Улуу Жибек Жолу боюнча турлар
  • Траспортук кызматтар
  • Чек арага кирүү үчүн керектүү болгон документтерди даярдоо кызматты.

— «Жаңырейшн аймак» долбоору тууралуу кайдан уктуңуз? Грант алуу үчүн эмне кылышыңыз керек болчу?

— Фейсбуктан көрүп калдым, грант алуу үчүн анкетаны толтуруп жөнөтүү керек болчу.

— Долбоорлор каржылоо үчүн кантип тандалып алынган?

— Долбоорлорду заманбаптыгына жараша тандалып алынды деп ойлоймун. Ошондой эле жумуш орундары менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө жараша.

— «Жаңырейшн аймак» долбоору сизге кандай жардам бергенин айтып бериңизчи. А жана Б раундунда эмнеге ээ болдуңуз?

— А Раунда 1 Gopro Hero Black 11 жана DJI mini 3  Pro дрон. Б раунда Глемпинг 4 даана алдым.  

— Грант алуу долбооруңузга кандай  мүмкүнчүлүктөрдү түздү?

— Кызмат көрсөтүүнүн жаңы жолдорун ойлоп жатабыз. Башкача кызмат көрсөтөбүз.

— Канча жумуш орундарын түзүүгө жетиштиңиз?

— Мурда 25 жумуш оруну бар болчу азыр дагы  10 кошумча жумуш оруну түзүлдү.

— Келечекке кандай пландарыңыз бар? Мындан ары бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн эмне кылууну пландап жатасыз? Беш жылдан кийин бизнесиңизди кайдан көрөсүз?

— Келечектеги пландарым бир жылда туристтердин санын 1500 кишиге жеткирүү. Орточо чекти 1500 долларга чыгаруу.  Баткен облусу боюнча Глемпинг лагерди 4 локацияда жана ар бир локациядан 5 даанадан кылуу. Беш жылдан кийин туристтердин санын 2500 кишиге жеткирүүм керек.


«Жаңырейшн аймак» бизнес-долбоорлорунун конкурсу «КРнын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында COVID-19нын терс кесепеттеринен социалдык-экономикалык калыбына келтирүү»  долбоорунун алкагында БУУӨП жана John Galt бизнес-акселератору тарабынан ишке ашырылууда

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media