«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 13 млрд сомдон ашык төктү

«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 13 млрд сомдон ашык төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын июнь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 13 млрд 200 млн сом салык төлөсө, анын 9 млрд сомдон ашыгы алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 938.2 млн сом төлөгөн, анын ичинде:

• Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 469.1 млн сом;

• Талас районунун өнүктүрүү фонду (30%) – 281.4 млн сом;

• Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) – 187.5 млн сом.

Декабрь айына карата компанияда 863 кызматкер иштейт. Компания Талас облусунун тургундарынын ичинен 361 адамды окутуп, анын ичинен 222 жаран иш менен камсыз болгонун билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жана Кантта таза суу долбооруна 33 млн евро жумшалды

Бишкек жана Кантта таза суу долбооруна 33 млн евро жумшалды

Бишкек жана Кант шаарларында суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо инфраструктурасын жаңылоо боюнча ири долбоор ишке ашырылды. Бул тууралуу 16-июнда Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Швейцария өкмөтү, Европа Биримдиги жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган. Бишкекте долбоордун алкагында 28 млн евро

“Үй сатылат”: такталар үчүн бирдиктүү үлгү даярдалды

“Үй сатылат”: такталар үчүн бирдиктүү үлгү даярдалды

Бишкекте жеке турак жайларды сатуу боюнча жарыя такталары үчүн бирдиктүү дизайн иштелип чыкты. Бул тууралуу Шаар куруу жана архитектура департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы эскиздик долбоор шаардагы визуалдык тартипти камсыз кылуу жана бирдиктүү архитектуралык стилди калыптандыруу максатында даярдалган. Долбоор колдонуудагы дизайн-коддун талаптарына ылайык иштелип чыгып, шаар аймагында бирдиктүү үлгү

Баалуу кагаздарды онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Баалуу кагаздарды онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Президент Садыр Жапаров баалуу кагаздар тууралуу социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады. Министрлер Кабинети калк үчүн жылдык 17% киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды. Эми ар бир жаран аларды мобилдик тиркеме аркылуу сатып ала алышат. Тагыраак айтканда, ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде оңой эле

Агротехнопаркка 27,2 млн сомдук жабдуулар тапшырылды

Агротехнопаркка 27,2 млн сомдук жабдуулар тапшырылды

17-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде маалыматтарды сактоочу жана иштетүүчү жабдууларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага министрдин орун басары Рустам Балтабаев катышты. Жабдуулар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү»