Мэрия коомдук транспортту жөнгө сала албай жатып, ишкерлер кыла турган такси тармагына да киришип жатат — ЖИА

Мэрия коомдук транспортту жөнгө сала албай жатып, ишкерлер кыла турган такси тармагына да киришип жатат — ЖИА

Мэрия коомдук транспортту жөнгө сала албай жатып, эми такси тармагына да киришип жатат. Мындай пикирин ЖИА бизнес-ассоциациясынын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу ИШКЕР MEDIA басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, мамлекеттин функциясы — ылайыктуу мыйзамдарды иштеп, шарт түзүп берип, оюндун эрежелерин так белгилеп коюу. Ошондо шыктуу, таланттуу тобокелчиликти ала турган, акчаны да таба турган ишкер өзү чыгат. Экотакси бизнесин деле ишкерлер өздөрү жасап кетмек.

"Мэрия азыр коомдук транспортту жөнгө сала албай жатат. Эми келип такси тармагына да киришип жатат. Мамлекеттин казынасы элден, ишкерлердин салыгынан чогулат. Мындайча айтканда, ишкерлерден түшкөн салыктан мамлекет бизнес жасап жатат. Кайра келип ишкерлерге конкуренция болуп, монополияга айланганы жатат. Бул оюндун эрежесин бузгандык", деди ал.

Ошондой эле ЖИАнын директору Азыр Кыргызстанда 4 миңден ашык электромобиль бар экенин, бирок станциялардын баарына иштөөгө уруксат бериле электигин кошумчалады.

"Мамлекет станцияны, электр энергиянын баасын жеңилдетип, кайсы бир унаа коюучу жайларды бекер кылып, тийиштүү атайын номурларды берсе болот. Ушул сыяктуу жеңилдиктерди койсо, эл өзүнөн өзү эле буга өтүп кетмек. Мисалы, унааңызды токтотуучу жайга кое албай жатсаңыз, жай жок болсо, бирок электромобилге жай бар болсо, электромобиль алууга өзүңүз эле чечим кабыл алмаксыз. Мэриянын бул тармакка киргени такыр туура эмес деп ойлойм. Мамлекет бизнес жасабаш керек, мамлекет бизнеске шарт түзүп бериш керек. Дүйнөлүк практикада бул далилденген", — деди Жээнбай уулу.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык экотакси демилгесин өнүктүрүүнүн алкагында 2 миң электромобил сатып алууну пландоодо жана ал унаалардын биринчи партиясы борборго келди.

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу
2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип, ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйүн көтөрүп келген ар тармактуу бизнес-ассоциация ЖИАнын учурдагы жетекчиси Аззамбек Жээнб…

Мындан тышкары окуңуз

Таласта үрөнчүлүк борбордун өндүрүш жана экспорттук багыттары каралды

Таласта үрөнчүлүк борбордун өндүрүш жана экспорттук багыттары каралды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Талас шаарындагы KVS айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. KVS кооперативи үрөнчүлүк жана айыл чарба өндүрүмдөрүн экспортко чыгаруу багытында иш алып барган алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Ишкана негизинен

Кыргыз-Ата айыл аймагынын калкы сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз болду

Кыргыз-Ата айыл аймагынын калкы сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз болду

Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагында Дүйнөлүк Банк каржылаган "Айылдык суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ичүүчү суу тутуму жаңыланып, ишке берилди. Долбоор Кыргыз-Ата, Ак-Булак жана Борко айылдарын камтып, 22 миң 500дөн ашык тургунду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган.

Санарип кызматтары боюнча көчмө кеңеш берүү өткөрүлүүдө

Санарип кызматтары боюнча көчмө кеңеш берүү өткөрүлүүдө

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" жана "Түндүк" мамлекеттик мекемелери Ош шаарынын тургундары үчүн санарип кызматтары боюнча көчмө кеңеш берүү өткөрүүдө. Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө адистер жарандарга "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүү порталын колдонуу, санарип документтерди алуу жана мамлекеттик кызматтарга онлайн

Улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар жарандыктан ажыратылат

Улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар жарандыктан ажыратылат

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгы маселелерин кароо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизген Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, жарандык алуу жана андан чыгуу боюнча бардык документтер автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу электрондук жана кагаз түрүндө таризделет. Мындан ары арыздар электрондук кол тамга менен да ырасталат.