Кыргыз-Ата айыл аймагынын калкы сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз болду

Кыргыз-Ата айыл аймагынын калкы сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз болду

Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагында Дүйнөлүк Банк каржылаган "Айылдык суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ичүүчү суу тутуму жаңыланып, ишке берилди.

Долбоор Кыргыз-Ата, Ак-Булак жана Борко айылдарын камтып, 22 миң 500дөн ашык тургунду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган.

Мурда бул аймакта суу түтүктөрү эскирип, тармактын көп бөлүгү иштен чыккан. Жалпы узундугу 12 чакырымга жакын болгон эски системанын мүмкүнчүлүгү чектелип, калктын болгону 20%га жакыны гана туташуу аркылуу суу алган.

Курулуш иштери 2017-жылдын августунда башталып, негизги бөлүгү 2019-жылдын башында аяктаган. Кийинки толуктоочу иштер 2020-жылдын аягына чейин уланган. Долбоордун жалпы наркы 248 миллион сомдон ашып, алты бөлүккө бөлүнүп жүзөгө ашырылган.

Долбоордун жыйынтыгында айыл аймагында муниципалдык суу ишканасы түзүлүп, жаңыланган тутумду башкаруу жана тейлөө иши ошол мекемеге жүктөлдү.

Бул долбоор айыл тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылып, жашоо сапатын жогорулатууга жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мындай сунуш Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилүүдө. Долбоорго ылайык, маркумдун сөөгүн мыйзамда белгиленген тартипте көмүү үчүн жер тилкеси берилбестен, көрүстөнгө же мүрзөнүн жанына өз алдынча көмүү, ошондой эле жабык көрүстөнгө көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү

Өлкөдө алгачкы роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Өлкөдө алгачкы роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системанын презентациясы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медициналык коомчулуктун өкүлдөрү жана КММАнын окутуучулары катышты. Конокторго системанын иштөө принциби жана

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

17-сентябырда саат 09:00дөн - 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү району: эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Т. Океев көчөсүндө болот. Бишкексууканал  муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда,

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусу менен белгиленген.