Уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган эмес — "Мадина" базарынын ээси Салимовдун адвокаты билдирүү жасады

Уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган эмес — "Мадина" базарынын ээси Салимовдун адвокаты билдирүү жасады

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна катыштыгы бар деген айып менен камакка алынган "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов президент Садыр Жапаровго анын ишин жеке көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Салимовдун жактоочуларынын бири Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасында билдирди.

Адвокаттын айтымында, буга чейин ЖМКлар Турсунтай Салимов "колонияларды каржылап, мурдагы жана азыркы криминалдык авторитеттер менен тыгыз байланышта болгон" деген жалган маалымат тараткан.

"Т.А.Салимов эч качан кылмыштуу топтор менен эч кандай байланышы болгон эмес, кылмыштуу топторду каржылоого да катышкан эмес.Ошондой эле биздин кардарыбыздын жашаган жеринен жана иштеген жеринен тинтүү учурунда эч нерсе табылган эмес жана алынган эмес", — деди Кайсын Абакиров.

Жактоочу КР Конституциясына ылайык, "жаранды сот гана күнөөлүү деп таба аларын, адамга негизсиз айып коюуга жол берилбей турганын, айрыкча, кылмыштар боюнча болсо далилдер керек" экенин эскертти.

"Коргоодо биздин кардарыбыздын аракетинде кылмыш жок деп эсептейт жана бул жагдай тергөөнүн жүрүшүндө далилденет", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтык сөзүндө адвокат Турсунтай Салимов КР президенти Садыр Жапаровго бул ишти жеке көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен кайрылганын, "анткени чынчыл ишкерлердин кармалышы жана оор кылмыштарды жасаган деген негизсиз айыптоолор республиканын экономикалык өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн" экенин айтат.

Эске сала кетсек, "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов уюшкан кылмыштуу топ түзгөн же ага катышкан деген айып менен 7-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Мекеменин басма сөз кызматы "Мадина" базарынын ээси уюшкан кылмыштуу топко демөөрчүлүк кылып, анын атаандаштарын коркутуп-үркүтүп жүргөнүн билдирген болчу.

Мадина базарынын ээси тууралуу эмнелер белгилүү?
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, ”Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов ушул жылдын 8-октябрында УКМК тарабынан кармалган. УКМК аны кармоо учурунда атылып өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен туугандык байланышы бар деп белгиледи. Салимовго уюшкан топ түзгөн же ага катышкан деген ай…

Мындан тышкары окуңуз

Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда аянты 14 469 чарчы метр болгон жаңы автобекет салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 395 млн сомду түзөт. Иштер 2025-жылдын январында башталган. Автобекет 2 кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр

Ишкер Media
Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон

Ишкер Media
Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Чүй башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз курулушту аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдалануу үчүн кампа долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы белгилүү болгон. Жыйынтыгында жооптуу "ЭкстраВент" ЖЧКсына акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу

Ишкер Media
Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Талас шаарында аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөлөрү бар 50 үй-бүлөгө 15 тонна көмүр таратылды. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, социалдык жардам көрсөтүү үчүн шаардык бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, ар бир үй-бүлөгө 6 каптан көмүр берилди. Жардам алуучулардын тизмеси тиешелүү башкармалыктын

Ишкер Media