Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды
Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Чүй башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз курулушту аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, текшерүүдө желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдалануу үчүн кампа долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы белгилүү болгон.
Жыйынтыгында жооптуу "ЭкстраВент" ЖЧКсына акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазма эскертүү берилди жана 200 000 сом айып салынды.
Департамент жарандарды курулушту баштоодон мурда бардык уруксат кагаздарын алууга чакырат.