Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Талас шаарында аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөлөрү бар 50 үй-бүлөгө 15 тонна көмүр таратылды. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык жардам көрсөтүү үчүн шаардык бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, ар бир үй-бүлөгө 6 каптан көмүр берилди. Жардам алуучулардын тизмеси тиешелүү башкармалыктын маалыматы жана жарандардын арыздарынын негизинде түзүлгөн.

Мындан тышкары, шаарда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында көмүр базаларына мониторинг жүргүзүлдү. Учурда Таласта 6 көмүр базасы иштеп, Кара-Кече, Кара-Жыра, Шабыркүл, Ак-Улак жана Беш-Сары көмүрлөрү сатылууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында көмүрдүн баасы түзүлгөн келишимдерге ылайык сакталып, кымбаттоо катталбаганы аныкталды.

Ошондой эле тиешелүү кызматтар тарабынан отканалардын даярдыгы текшерилип, жылытуу жабдууларын коопсуз пайдалануу жана абанын булганышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Тогуз-Торо районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 43,4 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, райондо транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор каралууда. Атап айтканда, Казарман айылында болжолдуу

Ишкер Media
Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда аянты 14 469 чарчы метр болгон жаңы автобекет салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 395 млн сомду түзөт. Иштер 2025-жылдын январында башталган. Автобекет 2 кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр

Ишкер Media
Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон

Ишкер Media
Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Чүй башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз курулушту аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдалануу үчүн кампа долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы белгилүү болгон. Жыйынтыгында жооптуу "ЭкстраВент" ЖЧКсына акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу

Ишкер Media