3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

Кыргызстандык студенттер Красноярск шаарында өткөн Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Илим министрлигинен кабарлады.

Маалым болгондой, олимпиаданын финалдык этабына 45 өлкөдөн 700гө жакын катышуучу катышты.

Жыйынтыгында 35 өлкөдөн келген 219 катышуучу жеңүүчү жана байге ээси аталды. Алардын 193ү студенттер болду.

Финалдын жыйынтыгы боюнча байге ээлери:

  • Аяна Мирбекова — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти (Эл аралык мамилелер багыты боюнча);
  • Сабина Абдаримова — Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин студенти (Эл аралык мамилелер багыты боюнча);
  • Алиса Семенова — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти (Экономика багыты боюнча).
2026-жылы студенттер үчүн финалдык тур төрт багыт (Маалыматтык коопсуздук, Эл аралык мамилелер, Экономика жана Юриспруденция) боюнча өткөрүлдү.

Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиаданын финалдык жумалыгы билим берүү, кесиптик өнүгүү, маданият жана спорт багыттарын камтыган 100дөн ашык иш-чараны өзүнө камтыды.

2026-жылдагы олимпиаданын негизги темасы жасалма интеллекттин финансылык коопсуздукка тийгизген таасири болду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон

Ишкер Media
Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Чүй башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз курулушту аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдалануу үчүн кампа долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы белгилүү болгон. Жыйынтыгында жооптуу "ЭкстраВент" ЖЧКсына акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу

Ишкер Media
Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Талас шаарында аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөлөрү бар 50 үй-бүлөгө 15 тонна көмүр таратылды. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, социалдык жардам көрсөтүү үчүн шаардык бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, ар бир үй-бүлөгө 6 каптан көмүр берилди. Жардам алуучулардын тизмеси тиешелүү башкармалыктын

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Торо районунда жалпы 3 миң 256 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга багытталган эки каналдын курулушу пландалууда. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын бири - 800 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бере турган "Кара-Талаа" каналы. Долбоордун алдын ала

Ишкер Media