"Компаньон" банк "Финанс жана инвест эсептер" китебин басып чыгарууну колдоду

"Компаньон" банк "Финанс жана инвест эсептер" китебин басып чыгарууну колдоду

Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган "Финанс жана инвест эсептер" китеби "Компаньон" банктын колдоосунда 1000 нускада басылып чыкты. Китеп жөнөкөй математикалык тилде жазылганы жана татаал темалар жомоктордун жана турмуштук кырдаалдардын мисалдары аркылуу түшүндүрүлгөнү менен өзгөчө баалуу. Ал акчаны туура пайдаланууга үйрөтөт.  

Бул китепти авторлор: Борбордук Азия Университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору Кыдыралиев Сыргак Капарович, "Манас" КТУнун профессору, физика-математика илимдеринин кандидаты Урдалетова Анаркүл Бурганаковна жана профессор, экономика илимдеринин доктору  Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич биргеликте жазган. 

Авторлор китептин бет ачарын өлкөнүн окуу жайларында өткөрүүдө. Буга чейин китеп менен таанышуу Караколдогу облустук билим берүү институтунда жана "Манас" кыргыз-түрк университетинде болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараларга Улуттук банктын,  "Компаньон" банктын өкүлдөрү, окуу жайдын ректору, окутуучулар жана студенттер катышты. 

“Бул китепте пайыздарды эсептөөгө байланышкан актуалдуу суроолор кызыктуу мисалдар менен берилген, ошондой эле маселелер турмуштук кырдаалдар аркылуу каралат”, - деп Мусуралиев Кубаныч, КР Улуттук банкынын финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн начальниги белгиледи.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында "Компаньон" банк Каракол шаарындагы институтка 30 китеп, ал эми  "Манас" университетине 150 китеп тартуулады – алар боюнча Экономикалык университеттин студенттери билим алат. Ошондой эле, банк китептерди өлкөнүн бардык аймактарына таратууну пландап жатат. 

"Китеп финансы жана математикага кызыккан кичине балдардан тартып, өлкөнүн финансы тармагынын өкүлдөрүнө чейин ар бир жаранга пайдалуу жана кызыктуу болот", – деп белгиледи Анаркүл Урдалетова.

Өз кезегинде Сыргак Кыдыралиев, бул китеп жаш муунду финансыны ишенимдүү жана компетенттүү башкарууга багыттоого жардам берип, жыйынтыгында өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн кошумчалады. 

Белгилей кетсек, "Компаньон" банк Кыргызстандын алдыӊкы финансылык мекеме болуп саналат жана ошону менен бирге өзүнүн бакубатчылыгы үчүн ойлонулган жана жоопкерчиликтүү финансылык чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү жана сабаттуу коомду түзүүгө активдүү катышып келет. 

"Компаньон" банк коомчулукту колдоо бөлүмү бар өлкөдөгү жападан жалгыз банк жана анын адистери калктын финансылык жана санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган ар кандай иш-чараларды жана программаларды дайыма активдүү өткөрүп келет. Бул иштер семинарларды, вебинарларды, билим берүү иш-чараларын жана финансыны башкаруу жаатындагы көндүмдөрдү кеӊейтүүгө өбөлгө түзгөн демилгелерди камтыйт", – деп бөлүштү банктын өкүлү.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

1-июлда президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Малик Бектургановго башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы дайындалган жетекчини Башкы прокуратуранын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев тааныштырды. Тааныштыруу учурунда А.Касымалиев, М. Бектургановдун укук коргоо органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгек жолуна токтолуп,

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

1-июлда Экономика жана коммерция министрлигинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, коммерциялык банктардын жана ата мекендик фармацевтикалык ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Экономика министрлиги билдиргендей, жолугушууда Министрлер кабинети 23-июнда №472-т тескемеси менен бекиткен "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү" долбоорун

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын оруп-жыюу өнөктүгүн өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө багытталган даярдык иштери улантылууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын оңдоо жана сезонго даярдоо иштери дыйкан-фермер чарбаларынын жана айыл чарба субъекттеринин механизаторлору тарабынан активдүү

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан