Кыргызстанда авиациялык кыймылдаткычы мыйзамсыз киргизилген – зыяндын суммасы 32 млн сомдон ашты

Кыргызстанда авиациялык кыймылдаткычы мыйзамсыз киргизилген – зыяндын суммасы 32 млн сомдон ашты

Бажы кызматы «А.К.К» ЖЧКсы тарабынан бажылык укук бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, 2021-жылдын 25-августунда КРдагы ЕАЭБдин бажы аймагына Италиядан «А.К.К» ЖЧКсынын дарегине 1 млн 450 миң долларлык авиациялык кыймылдаткычы келген.

Кыймылдаткыч учак үчүн арналган жана 31.08.2023-жылга чейин «Убактылуу ташып келүү» бажы жол-жобосуна коюлган.

Бирок, убактылуу ташып келүү мөөнөтү бүтө электе «А.К.К.» ЖЧКсы товарларды башка бажы жол-жобосуна жайгаштыруу максатында бажы органына кайрылган эмес, муну менен бажы мыйзамдарын бузган.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 32.8 млн сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

Кыргызстандык студенттер Красноярск шаарында өткөн Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Илим министрлигинен кабарлады. Маалым болгондой, олимпиаданын финалдык этабына 45 өлкөдөн 700гө жакын катышуучу катышты. Жыйынтыгында 35 өлкөдөн келген 219 катышуучу жеңүүчү жана байге ээси аталды. Алардын 193ү студенттер болду. Финалдын жыйынтыгы боюнча

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Торо районунда жалпы 3 миң 256 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга багытталган эки каналдын курулушу пландалууда. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын бири - 800 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бере турган "Кара-Талаа" каналы. Долбоордун алдын ала

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media
Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media