Кыргызстан менен Өзбекстан авиакаттамдарды көбөйтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Өзбекстан авиакаттамдарды көбөйтүүнү талкуулашты

Ташкенттен Ысык-Көлгө жана Ошко түз арзан авиакаттамдарды ачуу маселеси бүгүн Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Абылкасым Шерниязов менен Туризм боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары менен болгон жолугушууда талкууланды. Бул тууралуу фонд билдирди.

Ошондой эле тараптар Өзбекстан менен Кыргызстанда биргелешкен турларды уюштуруу, Токио-Ташкент-Бишкек биргелешкен авиакаттамдарын ачуу, «Маданият» өткөрмө пунктун жакшыртуу, паритеттик негизде туристтерди каттоону узартуу бар.

Мындан тышкары, Ош шаарынан Өзбекстандын чек арасына Самаркандда чыгарылган автобустарда уча турган рейс ачуу тууралуу сөз болду. Өзбек тарап аларды ижарага берүүгө даяр.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангельдиев Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты

Данияр Амангельдиев Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Германия Федеративдүү Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында 62-Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада ал Италия, Хорватия, Сербия, АКШ жана Европа Биримдигинин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары — санкциялар жаатындагы кызматташтык жана

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясына катышып, анда 2025-жылга карата региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы негизги милдеттер аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында улуттук жана аймактык программаларды ишке

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

15-февралда Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жергиликтүү администрациялар жана базарлардын жетекчилиги менен биргеликте Бишкек шаарындагы базарларда түшүндүрүү рейддерин өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чара 2026-жылдын 31-январынан тарта уй жана кой этинин (сөөксүз эттен башка) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенине байланыштуу уюштурулган. Маалыматка ылайык, мониторинг Аламедин, Ош

"Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катышуучуларды кабыл алуу башталды

"Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катышуучуларды кабыл алуу башталды

Кыргызстанда кыз-келиндердин ишкердигин колдоо боюнча насаатчылык программага катышуучуларды кабыл алуу башталды. Мурдагы жылдардагыдай эле ишкер айымдар тажрыйбалуу насаатчылар менен бирге өз бизнестерин өнүктүрө алышат. Программага катышуу акысыз. Кыргызстанда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) FINCA банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын бешинчи, мааракелик сезонуна арыздарды кабыл